Ошентип 2021-жыл — Уй жылы кирип келди. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да кыргызстандыктарды куттуктады:
— Жаңы жыл адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган, жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн. Ар бир инсан жаңы-жылды жаңы үмүттөр менен күтүшөт.
2020-жыл өлкөбүз үчүн да, ар бирибиз үчүн да оор сыноолордун жылы болду. Бул сыноолордон татыктуу өтүп, башка иш түшкөндө бир муштумдай түйүлүп, ынтымактуу, намыстуу эл экенибизди көргөздүк.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы жыл ар бириңиздерге, Кыргызстаныбызга жакшылыктарды алып келсин!
Алдыга койгон улуу максаттарыбыз ишке ашсын!
Урматтуу достор!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!
Чымыны чоңоюп жарканат болуп түн кечирген Рапсодия жаңы жылда жаңырган
ажайып чыгарма болуптур. Жолуңдан жаз
бай үзүр тап. А.ТАГАЕВ