Мирлан Жакшылык уулунун жалаӊ «Ж» тамга менен куттуктоосу…

Мирлан Жакшылык уулунун жалаӊ «Ж» тамга менен куттуктоосу…

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын тургуну Мирлан Жакшылык уулу кыргыз элин 2021-жылдын кирип келиши менен жалаӊ «Ж» тамга менен куттуктоосу куржунубузга келип түштү. 

Жакшысыздарбы, жалпы жакындарым

Жадыраган жоогазындай жаркындарым.

Жаӊы жылда жакшылык жылоолойун.

Жаркырап жашчылык жакындасын.

 

Жүзүӊүздөр жылмаюудан жазбасын.

Жыргал жашоо жаныӊызда жандасын.

Жаӊы жылда жеӊиштерге жетишип.

Жергебизден жамандык, жокчулук жайрасын.

 

Жаӊы жылда жеткинчектер жетилсин.

Жанбактылар жашообуздан жеӊилсин.

Желегибиз жогору жакка желбиреп.

Жакындарым жакшылыкка жыйылсын.

 

Жаӊы жылда жашылча, жемиш жайнасын.

Жакындарды жакшылыктар жандасын.

Жаӊы жылда жакшылыктарда жолугуп.

Жаратканым жакшы жакка жалгасын.

 

Жаӊы жылда жаӊыча жолугалы.

Жадырап жакшы жаӊылыктан жобурайлы.

Жакындарга жолукканды ЖҮДА жактырамын.

Жаӊы жылда жакшы жакка жаӊыралы.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.