Бүгүн, 5-январда, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кетти. Бул тууралуу аталган фракциянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаты мандатын 2020-жылдын 15-октябрында кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун партия лидерине бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты. Өмүрбек Текебаевдин ордуна ким шайланды?”