Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген делген Болот Сүйүмбаевге кайрадан издөө жарыяланды

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген делген Болот Сүйүмбаевге кайрадан издөө жарыяланды

УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жаткандыгын бүгүн, 5-январда, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Болот Сүйүмбаев алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында бир нече ирет суракка жана тергөөгө чакырылган, бирок келген эмес. Ошого байланыштуу УКМК Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренеси («Экономикалык контарбанда») боюнча шектелип жаткан Болот Сүйүмбаевге 10-декабрдан тартып издөө жарыялаган.

Эске сала кетсек, Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги жана айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМК кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келинген зер буюмдардын 22 килограммдан ашык ири партиясын кармаганы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып беришкен. Натыйжада өлкө бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул кыӊыр ишти тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн моюнга алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу жогорудагы кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүдө. Атайын кызмат көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар УКМКнын мурдагы кызматкери (Б.Э.) кармалганын, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынганын билдирди.

УКМКнын экс-төрагасы, президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев УКМК төрагасынын мурдагы орун басары генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары 27-ноябрда кармап кеткенин ошол эле күнү кабарлаган болчу. Сегизбаев Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, анын кармалышын өзүнө карата саясий кысым катары баалаган.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Чоткараев менен Сүйүнбаев ошол учурда анын орун басарлары болуп иштешкен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.