Сүйүнбек Өмүрзаков шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактап, тартип бузбоону талап кылды

Сүйүнбек Өмүрзаков шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактап, тартип бузбоону талап кылды

ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков түштүк жергесинде жергиликтүү милициянын шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук коопсуздукту сактоо чараларын текшерди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 5-январда, билдирди.
Айтымында, Сүйүнбек Өмүрзаков министр Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен түштүк аймакка иш сапары менен барып, Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын
жетекчилиги жана өздүк курамы менен жолугушуп жыйын өткөргөн. Ага улай президенттик шайлоо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иш-аракеттерин текшерүүгө алып, жергиликтүү милиция жетекчилери менен тийиштүү маанилүү маселелерди талкуулап, шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту жогорку деӊгээлде көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык тартипти бузбоо талаптарын койгон. Ага ылайык кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгилеген. Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар болсо, өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмалар да айтылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.