ВИДЕО — ЗУЛУШЕВ: «»Лицензия иши» боюнча Саляновада күнөө жок, ага мыйзамсыз өкүм чыккан»

ВИДЕО — ЗУЛУШЕВ: «»Лицензия иши» боюнча Саляновада күнөө жок, ага мыйзамсыз өкүм чыккан»

Мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин Жогорку сот эртеӊ, 6-январда, кайрадан карайт. Бул тууралуу Аида Жеӊишбековнанын синдиси Чынара Турдалиева бүгүн, 5-январда, билдирди.

Анын айтымында, Аида Салянованын адвокаттары «лицензия ишиндеги» жаңы жагдайлар боюнча арыз менен Жогорку Сотко кайрылышкан.

Рабига САДЫКОВА: «Жогорку Сот калыс чечим чыгарат деген үмүттөбүз»

Аида Жеӊишбековнанын адвокаты Рабига Садыкова ишти кайра кароого үч жагдай негиз болгонун «Азаттыкка» мындай деп билдирген:

Биринчи жагдай — колумда Елисеев менен катар эле лицензиясын жанданткан адвокаттардын түшүндүрмө каттары бар. Алардан деле соттолгону боюнча тастыктаманы талап кылышкан эмес. Ал эми Аида Салянованы дал ушул кине менен соттоп салышты.

Экинчи жагдай — Ленин райондук сотунун өкүмүндө Кыргызстанда жандандырылган лицензиянын негизинде Елисеев Латвияда консалтингдик компания ачканы айтылган. Ал учурда аталган лицензия Кыргызстандын аймагында гана күчкө ээ экенин көрсөткөнүбүзгө, Латвия парламентинин консалтингдин компания ачыш үчүн Кыргызстанда алынган эч кандай адвокаттык лицензиянын кереги жок экенин далилдеген жообун алып келгенибизге карабай сот Салянованы күнөөлүү деп тапкан. Азыр биздин колубузда Елисеев консалтингдик компанияны адвокаттык лицензиясы жандандырылганга чейин эле 2010-жылы апрелде түзгөнү жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү бар.

Үчүнчү жаңы ачылган жагдай — Жогорку Кеңештин жыйынынын стенограммасы бар. Анда депутат Наталья Никитенко ал кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага суроо берген. Жолдубаеванын жообунан Кыргызстанда сот органдарынын кош стандарттуулугун ачыкка чыгарса болот.

Курманкул ЗУЛУШЕВ: «Саляновага мыйзамсыз өкүм чыккан, анын күнөөсү жок»

Учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда бул иш тууралуу калыс пикирин (азыр деле ушундай пикирде деп ойлойбуз, себеби, ал юрист катары туура, мыйзамдуу жагын айткан — авт.) билдирген. Ал Аида Саляновага мыйзамсыз өкүм чыкканын, күнөөсү жоктугун, жок жерден соттолуп жатканын айткан. «Аида Салянова милдеттүү түрдө лицензияны бериши керек болчу. Эгерде лицензияны бербей койсо, анда жоопко тартыш керек эле» деген сөзүн төмөндөн көрүп, угуңуз:

Алексей ЕЛИСЕЕВ: «Аида Салянова лицензияны узартууда мыйзам бузган эмес»

2019-жылы 5-сентябрда Алексей Елисеев “Азаттыкка” маек берип, анда лицензия берүүдөгү Аида Салянованын юстиция министри болуп тургандагы милдетин, мыйзамдуу жагын түшүндүрүп, мыйзам бузбагандыгын баса белгилеген. Анын лицензия жөнүндө айтып бергени төмөндөгү ВИДЕОдо 10 мүнөттөн кийин башталат, көрүңүз, угуңуз, окурман!

Атамбаев. «Граф».  Салянова

Ушундай аталышта Аида Салянованын актыгын окуй аласыз. Бул макала 2018-жылы, жайында жарык көргөн, бирок, актуалдуулугун жогото элек. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыз да, туура жыйынтык чыгара аласыз деген ишенимдебиз!

Мыкты мыйзамдарды жазган Аида Салянова

Аида Салянова депутат болуп турганда мыкты мыйзамдарды жазган, ага андагы президент Алмазбек Атамбаев кол койбой койгон. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эске сала кетсек, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектеги Ленин райондук соту 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу (жазаны Аида Салянова кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган) чечим чыгарган. Мындай чечимди кийинки соттор да күчүндө калтырып келген. Кункарама, бийликтин буйругун аткарып келген соттордун мындай чечимин Аида Салянова, адвокаттары, тарапкерлери саясий чечим болгонун далилдүү баса белгилеп, айтып келатышат.

Жогорку Сот ушуларды, жогоруда адвокат Рабига Садыкова айткан жаӊы жагдайларды эртеӊ эске алып, калыс чечим чыгарат деп үмүттөнүп туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.