Аида Салянованын «лицензия иши» боюнча отурум жылдырылды. Адвокаттардын юридикалык баасы…

Аида Салянованын «лицензия иши» боюнча отурум жылдырылды. Адвокаттардын юридикалык баасы…

Бүгүн, 6-январда, мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин Жогорку сот карамак, тилекке каршы, жылып калды. Аида Жеңишбековнанын адвокаттары «лицензия ишиндеги» жаңы жагдайлар боюнча арыз менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Адвокат Рабига Садыкованын айтмында, ишти кайра кароого үч жагдай негиз болгон.

«Биринчи жагдай — колумда Елисеев менен катар эле лицензиясын жанданткан адвокаттардын түшүндүрмө каттары бар. Алардан деле соттолгону боюнча тастыктаманы талап кылышкан эмес. Ал эми Аида Салянованы дал ушул кине менен соттоп салышты.

Экинчи жагдай — Ленин райондук сотунун өкүмүндө Кыргызстанда жандандырылган лицензиянын негизинде Елисеев Латвияда консалтинг компаниясын ачканы айтылган. Ал учурда аталган лицензия Кыргызстандын аймагында гана күчкө ээ экенин көрсөткөнүбүзгө, Латвия парламентинин консалтинг компания ачыш үчүн Кыргызстанда алынган адвокаттык лицензиянын эч кандай кереги жок экенин далилдеген жообун алып келгенибизге карабай сот Салянованы күнөөлүү деп тапкан. Азыр биздин колубузда Елисеев консалтинг компаниясын адвокаттык лицензиясы жандандырылганга чейин эле — 2010-жылы апрелде түзгөнү жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү бар.

Үчүнчү жаңы ачылган жагдай — Жогорку Кеңештин жыйынынын стенограммасы бар. Анда депутат Наталья Никитенко ал кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага суроо берген. Жолдубаеванын жообунан Кыргызстанда сот органдарынын кош стандарттуулугун ачыкка чыгарса болот.

Аида Жеңишбековнанын бир дагы күнөөсү далилденген жок. Сотко Салянова Юстиция министри болуп турганда, анын орун басары Жылдыз Мамбеталиева жана дагы толтура күбөлөр келип, эч кандай күнөөсү жоктугун айтып беришти».

Улан ЖУМАКОВ: “Эмненин негизинде Индира Жолдубаева Саляновага кылмыш ишин козгой алды?”

Адвокат Улан Жумаков сот отурумуна катышып, аудиого жаздырып, социалдык түйүндөргө жазып, видеого тартып, түз эфирден берип элге чындыкты жеткирип келгенде, соттук отурумдагы иштерге мындай деп юридикалык баа берген.

— Эми козголгон кылмыш ишинин юридикалык жагын карап көрөлү. Аида Саляновага КРнын кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндөгү кылмыш айыбы коюлууда. Анда ошол беренени карайлы:

304-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

(1) Кызматтагы тарап өзүнүн кызматтык абалынан кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланууда, эгерде жарандар менен юридикалык тараптардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же мыйзам менен корголгон коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузган болсо, —

 бир миң сомдон эки миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же бир жылдан үч жылга чейин кесилет.

(2) Өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү максатында кылган же өзүнүн башка кызыкчылыгы үчүн кылмышка барса, —

Үч миң сомдон төрт миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин кесилет.

(3) Ушул эле берененин экинчи бөлүгүндө каралган кылмыш ишинде:

1) өзгөчө ири зыян келтирилсе;

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болсо;

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсо, —

Жыйырма миң сомдон отуз миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же беш жылдан сегиз жылга чейин кесилип, мүлкү алынат же алынбайт.

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыг иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап, —

Отуз миң сомдон элүү миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же сегиз жылдан он эки жылга чейин кесилип, мүлкү алынат.

Биз көргөндөй, дал ушул төртүнчү бөлүгү коюлууда:

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап.

Ушул жерден мамлекеттик айыптоочуга суроо жаралат, аталган беренедеги экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши каякта? Берененин 2-бөлүгүндөгү өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү же өзүнүн башка кызыкчылыгы максатында кылган кылмыш кана?

Салянова же башка тараптар кандай пайда тапты? Аталган Елисеев лицензиясы узартылганга чейин эле (ал лицензия Кыргыз Республикасынан сырт жакта жарабайт) Латвияда фирма ачып алган экен. Пайда табуу кана же ким пайда тапты?

Үчүнчү бөлүгү боюнча, ушул беренеде каралган экинчи бөлүктө каралган кылмыш иши кана:

1) өзгөчө ири зыян келтирүү (кимге зыян келтирилди? Эч кимге!)

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн (уюшулган кылмыш тобу же кылмыштуу коомчулук кана? Бул жерде да эч нерсе жок!)

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу (бул боюнча иште да менчик ээси жөнүндө сөз жок, анан кайдагы эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсун?!)

Бул беренедеги 2-3-бөлүктөр болмоюнча 4-бөлүгү болушу мүмкүн да эмес!!! А 2-3-бөлүктөр иште жок, демек 4-бөлүгү да коюлбашы керек!!!

Эми акыркы суроо: кантип, кантип (!), эмненин негизинде Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгой алды???!!!

Эми сот ушуну көз жаздымда калтырабы?

Курманкул ЗУЛУШЕВ: «Саляновага мыйзамсыз өкүм чыккан, анын күнөөсү жок»

Учурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда бул иш тууралуу калыс пикирин (азыр деле ушундай пикирде деп ойлойбуз, себеби, ал юрист катары юридикалык бааны туура берген — авт.) билдирген. Ал Аида Саляновага мыйзамсыз өкүм чыкканын, күнөөсү жоктугун, жок жерден соттолуп жатканын айткан. «Аида Салянова милдеттүү түрдө лицензияны бериши керек болчу. Эгерде лицензияны бербей койсо, анда жоопко тартыш керек эле» деген сөзүн төмөндөн көрүп, угуңуз:

Эске сала кетсек, Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектеги Ленин райондук соту 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу (жазаны Аида Салянова кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган) чечим чыгарган. Мындай чечимди кийинки соттор да күчүндө калтырып келген. Күнкарама, бийлик буйругун аткарып келген соттордун мындай чечимин Аида Салянова, адвокаттары, тарапкерлери саясий чечим болгонун далилдүү баса белгилеп, айтып келатышат.

Жогорку Сот жогорудагы далил-жүйөлөрдү, адвокат Рабига Садыкова айткан жаӊы жагдайларды эске алып, калыс чечим чыгарат деп үмүттөнүп туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Аида Салянованын «лицензия иши» боюнча отурум жылдырылды. Адвокаттардын юридикалык баасы…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.