Бүгүнкү теледебатка Садыр Жапаров катышпастыгын айтты. Теледебатта кимдер беттешет?

Бүгүнкү теледебатка Садыр Жапаров катышпастыгын айтты. Теледебатта кимдер беттешет?

Бүгүн, 6-январда, президенттикке талапкерлердин теледебатынын экинчи туру башталат. Ага Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров, Аймен Касенов катышмак. Тилекке каршы, Садыр Жапаров теледебатка катышпастыгын бүгүнкү Кара-Суу районундагы жолугушууда билдирди.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. Бул күнү Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.