ИИМ: «Социалдык тармактарда тараткан чагымчыл, жалган материалдарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырабыз!»

ИИМ: «Социалдык тармактарда тараткан чагымчыл, жалган материалдарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырабыз!»

Өлкөдөгү кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда, ИИМ жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылган. Аймактардагы 2 миң 426 шайлоо тилкесине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилген. Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылган. Башка мекемелердинн 2 миң 100 кызматкери да тийиштүү иштерди алып барат.

Ошондой эле ал шайлоого байланыштуу 6-январга карата мыйзам бузуу боюнча жалпы 50 факт катталгандыгын билдирди. “Бишкекте 15, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 3, Нарында 1 факт катталган. Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факт катталып, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган. 

Кыргызстандагы кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлүп, күнөөкөрлөр жоопкерчиликке тартылат. ИИМ кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт жана чагымчыл материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Айрым кызыктар тараптар өз кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасап кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн ИИМ күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Социалдык тармактарда тараткан чагымчыл, жалган материалдарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырабыз. Андай материалдар болсо, 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранабыз. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. ИИМ саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат. Бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар каттала турган болсо, анда ал фактылар катталып, мыйзамды бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт”, — деди министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.