Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «»Эркин Тоо» боюнча мага күнөө койгудай эч негиз жок. Себеби…»

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «»Эркин Тоо» боюнча мага күнөө койгудай эч негиз жок. Себеби…»

УКМК «Эркин Тоо» ишин кайрадан териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда, УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, УКМК «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.  «Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган«, — дейт Р.Сулайманов.

УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабаттуу үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналууда.

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы 2016-жылы маалым болгон. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Каныбек Капашович мындай маалыматты четке кагып, кылмыш иштерин жандантууга негиз жок деп эсептейт. «Мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин. Азыр мындай маалыматты таркатуу — бул шайлоо учурундагы каралоо деп ойлойм», — дейт К.Иманалиев.

Садыр ЖАПАРОВ: «Каныбек Иманалиевдин кылмыш иши бар, аны өзү жакшы билет»

Буга чейин Садыр Жапаров 2020-жылдын 23-ноябрында «7-каналга» маек берип жатканда Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери бар экендиги тууралуу айткан. “Менден кылмыш издөө – Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар” деп Каныбек Иманалиевдин айтканы бар. Бирок, анын басмакана фактысы боюнча кылмыш иши бар экен. «Эмне үчүн бул ишти карабайсыңар?» десек, анын депутаттыгынан коркушат экен. Ал Акаевдин бийлигинен бери кызматта келе жатпайбы. Кылмыштары бар экенин өзү жакшы билет”, — деген эле Садыр Жапаров.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Менден кылмыш издөө – Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар»

Бишкек шаардык прокуратурасы 2016-жылы “Эркин-Тоо” басмаканасын менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин кайра жандантканда, ЖК депутаты Каныбек Иманалиевди фигурант катары көрсөткөн. Ошол учурда Каныбек Капашович: “Бул факт боюнча менден кылмыш издөө – Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар. Бул иш мындан 15 жыл мурун болгон, сот иштерине мен күбө катары да чакырылган эмесмин. Мен төртүнчү адамдан мекеменин 17 пайыз акциясын сатып алгам, муну декларациямда дайыма көрсөтүп келем. Бул кылмыш ишинин келечеги жок. Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун “Мегакомдо” акциялары бар деп каралагандай эле иш”, – деген.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер (арасында Каныбек Иманалиев менен Садыр Жапаров бар) ат салышууда. Алар 15-декабрда баштаган үгүт иштери 9-январда — добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Маалымат үчүн, Бишкектин эл «Алтын квадрат» атап койгон аймагына, айтымында, түштүгүнөн Жибек Жолу (Сүйүмбаев көчөсү менен кесилишкен чекке чейин), батышынан Жаш Гвардия бульвары, чыгышынан Шопоков, түндүгүнөн Темир жол (Линейная көчөсү) менен чектелген аянт кирет. Болжол менен бул чөлкөм көлөмү 1500 га жакын. Түшүнүктүү болгондой, бул тарап шаардын борбордук бөлүгү деп саналат. Бул жерде турак үйлөр бир кыйла кымбат болот. Иш үчүн жай издегендерге ижара акысы да жогору делет. Мамлекет эсебиндеги жайлар да айрыкча тыкыр көзөмөлдө болот… десек болот…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.