“Бишкек” ЭЭАнын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип камалды

“Бишкек” ЭЭАнын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелип камалды

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, “Бишкек” ЭЭАдан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталган. Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-б. (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кечээ, 6-январда, КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясынын мурдагы башкы директору И.Д.И. (УКМК аты-жөнүн ачыктабай, баш тамгаларын гана белгилеген кармалгандардын биринин баш тамгаларына жана мурдагы жетекчиси дегенге баам салсак, Бишкек ЭЭАнын эски жетекчилеринен И.Д.И. дегенге Ирсалиев Дүйшөн Исмаиловичтин аты-жөнү туура келгендей — ред.) жана аткаруучу директор Б.М.А. (акыркы белгилүү маалыматтар боюнча, «Бишкек» ЭЭАнын аткаруучу директору болуп Бакашов Мирадил Амангелдиевич иштеп жаткан — ред.) кармалып,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда алешемдик, акчаны чыгымдоодогу жемкорлук, көмүскөдө калчанган каражат сындуу бир кыйла мыйзам бузуулар болгон. Бул жылдары аталган мекемени Дүйшөн Ирсалиев башкарган эле.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы — бир катар экономикалык жеӊилдиктер берилип, өлкөгө пайда алып келем деген ички-тышкы ишкерлер үчүн атайын бөлүнгөн жер. 1995-жылдан бери иштейт. Жалпы аянты — 346,09 гектар. Учурда 313 субъект катталган, анын ичинен 58и биргелешкен ишкана, 139 субъект кыргыз жарандары тарабынан, 116 субьект чет элдик капитал менен түзүлгөн. Жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат.

“Бишкек” ЭЭАнын эски жетекчилерин эске салсак, бул жайды 1996-жылдан 2008-жылга чейин Ибраимов Эмил Арисович; 2008-жылдан 2010-жылга чейин Исабеков Азим Бейшенбаевич; 2010-жылдан 2011-жылга чейин кийин мэр болуп, кийин-кийин камалып, октябрдагы башаламандыкта бошотулуп, бошотулгандардын айрымдарын кайра камакка кайтарууда маалым болгондой дайын-дареги белгисиз Ибраимов Албек Сабырбекович; андан кийин аз убакыт (февраль-август) Асанакунов Мирбек Аскерович; анан бир жылга чукул Кунаев Бактыбек Кунаевич; 2012-жылдан 2015-жылга чейин Нусубалиев Орозбек Токталиевич; 2016-жылдан 2020-жылдын 28-октябрына чейин Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович башкарып келген эле…

Аталган аймакты учурда Кудрет Тайчабаров башкарууда. Ал бул кызматка 2020-жылдын 13-ноябрында келген жана кандайча дайындалып калганын»Фейсбуктагы» баракчасына өзү түшүндүрүп жазды эле…

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында бийлик алмашкан, ага 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары себеп болгон. Нааразылык акциялары жапырт башаламандыктар менен коштолуп, аягы бийлик алмашуу менен аяктаган эле. Ага ылайык, кадрдык алмашуулар да бардык деӊгээлдеги кызмат-орундарда, ар кыл тармактарда — жогортон ылдыйды карай  жүргөн эле…

Маселен, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кызматтан кеткен. 16-октябрда, президенттин милдетин убактылуу аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаровдун алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» макамына ээ болгон…

Ал эми эгемендиктин алгачкы жылдарында эркиндиктин эпкинине туруштук бере албай калган экономикабызга таяныч күч береби деген илгери үмүт менен ачылган Бишкек ЭЭА ошол жылдардан бери сыры да, чыры да көп аймак бойдон калып келет… Канчасы ачылды, жазылды, айтылды, канчасы дагы деле көйгөй, маселе жаратып келет, ал боюнча өзүнчө кенен сөз кылабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.