Чүй облусунун милициялары автоунаалуу болушту. Эми алар алыскы аймактарга чыга алышат

Чүй облусунун милициялары автоунаалуу болушту. Эми алар алыскы аймактарга чыга алышат

ИИМ коомдук тартипти камсыздоо тапшырмаларын ийгиликтүү аткаруу үчүн Чүй облусунун милиция кызматкерлерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 7-январда, билдирди.

Алардын айтымында, автоунааларды тапшыруу иш-чарасыИИМ имаратынын жанында ИИМдин башкы башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, ИИМдин Борбордук аппаратынын жана Чүй ОИИББнин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн.  Автоунааларды салтанаттуу тапшыруу учурунда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов ИИМ коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИО бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык ресурстарына өзгөчө көңүл бураарын баса белгилеп өткөн.

Айтмакчы, бул кызматтык унаалар керектүү жабдыктар менен жабдылып, Чүй облусунун Панфилов жана Аламүдүн РИИБисине жөнөтүлдү. Башында ал автоунаалар ИИМдин Каржы-чарба камсыздоо башкы башкармалыгынын эсебинде турган.

Эми бул тапшырылган транспорттор милиция кызматкерлерине алыскы райондорго чыкканга, кылмыштуулук жана укук бузуулар санын азайтууга, айрыкча үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алууга жана түшүндүрүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө кошумча мүмкүнчүлүктү кенен түзүп бермекчи.

Милициянын көчмө кабылдамасы социалдык органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, жеринде арыздарды кабыл алып, тиешелүү чараларды көрүшөт. Ай сайын жер-жерлерге чыгуу графиги түзүлүп, ал аймактык ИИО жетекчилиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте бекитилет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.