АДВОКАТ: «Курсан Асановдун аялы «шылуун» болуп чыкканын ММКдан уктук. Андай эмес…»

АДВОКАТ: «Курсан Асановдун аялы «шылуун» болуп чыкканын ММКдан уктук. Андай эмес…»

УКМК бүгүн, 7-январда, президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганы тууралуу маалымат таратты.

Алардын маалыматына караганда, талапкерлердин биринин (У.К. аттуу) жубайы А.О. деген адамдын жазган арызынын негизинде «алдамчылык» беренеси боюнча шектелүүдө. Айтымында, ал айым 2017-2018-жылдарда бизнес жүргүзүш үчүн «чогуу бизнес кылабыз» деп А.О. деген адамдан 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайра кайтарбай койгон. Иш аныкталып, Башкы прокуратурага өткөрүлгөн.

УКМК талапкер атын атабаганы менен айрым сайттар «Курсан Асановдун жубайы» деп ачык эле жазып чыгышты…

Адвокаттын айтымында…

Мындай маалыматты адвокат Таалайгүл Токтакунова четке какты. Ал генерал Курсан Асановдун жубайы «шылуун» болуп чыккандыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билгенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Калайык калк, президенттикке талапкердин жубайы «алдамчылыкка» шектелип жатканы тууралуу маалымат бардык жерге жайылып жатат. Биринчиден, бүгүнкү күнгө чейин ал айым шектүү эмес. Экинчиден, ал генералдын жубайы болгондуктан жолдошу Курсан Асановго колдоо көрсөтүп келет. Генералдын ишмердүүлүгүнөн улам, аялы гана эмес, жалгыз уулу да жапа чегип келет. Эмнеге аялы менен баласы кыйналып, жапа чегиши керек? «, — деп жазган Т.Токтакунова.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер (алардын арасында Курсан Асанов бар) ат салышууда. Алардын үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал добуш берүүгө 24 саат калганда (9-январда) токтойт. 10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “АДВОКАТ: «Курсан Асановдун аялы «шылуун» болуп чыкканын ММКдан уктук. Андай эмес…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.