Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда, УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Өмүрбек Бабанов УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында чакырылган.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылы 28-сентябрда, агездеги президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго Ош шаарынын Амир-Темир кичирайонундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан тышкары, ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып тагылып, иш ачылган. Ал Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон, шайлоодо утулуп калгандан кийин, саясаттан кетээрин билдирип, мандатын тапшырып, «Республика» партиясынын лидерлигин депутат Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берип, Орусияга чыгып кеткен.

2019-жылы 9-августта Кыргызстанга кайтып келген. 2020-жылы 6-октябрда Алмазбек Атамбаев кошулган митингдерге катышып, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында сүйлөгөн. Ал жерден Садыр Жапаровдун тарапташтары аркылуу аянттан куулуп чыккан. Кийин 6-ноябрда Садыр Жапаровго жолугуп, көп нерсени сүйлөшүшкөнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, чогуу түшкөн сүрөтүн да жайгаштырган эле. Анда эмне деп жазганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.