Максат МАМЫТКАНОВ: «Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз»

Максат МАМЫТКАНОВ: «Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз»

Президенттик шайлоого жана референдумга саналуу гана күн калды. 10-январда, кудай буйруса, алтынчы президенттүү болобуз. Анткен менен, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп, канча деген «адилеттүү, таза шайлоо» деген куру убадалардан кийин, калктын жарымы шайлоо таза өтөөрүнө ишенсе, жарымы ишенбейт. Атүгүл, ишенбегендер жарымынан көбү десек да болот…

Үч күндөн кийин өлкөнү эл тандоосуна, албетте, акыл, нысап, ыйман, жоопкерчиликке жараша эки сыноо күтүп турат… — ким президент болот жана өлкөдө кандай башкаруу формасы орнойт — президенттикпи же парламенттикпи деген…

Ал эми ушул президенттик шайлоону жана референдумду акыйкат, адилеттүү, калыс өткөрүү боюнча учурдагы бийликтегилер 10-январь деп дата белгиленгенден бери катуу убада кылып келатышат. Республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоонун таза өтөөрүнө дагы бир ирет кепилдик берди. Тагырагы, ал кечээ, 6-январда, «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» программасына катышып, «Биз жоопкерчиликти мойнубузга алып жатабыз. «Таза, калыстык менен шайлоо өткөрөбүз» деп убада бергенбиз. Убадабыздан тайбайбыз!» деп убаданы катуу берди.

Максат Мамытканов учурдагы кызматка кандай жагдайлардан улам келип калганын эске алсак деле, ишенсек болчудай…

Анан да элибизде жакшы накыл сөз бар, «Жигиттин сөзү өлгөнчө…»…

Ошентсе да, эске сала кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында бийлик алмашкан, ага 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары себепчи болгон. Нааразылык акциялары жапырт башаламандыктар менен коштолуп, аягы бийлик алмашуу менен аяктаган эле… 

13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кызматтан кеткен. 16-октябрда, президенттин милдетин убактылуу аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаров алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамын берген эле… Ал учурдагы спикер Канат Исаев менен ошол учурда президенттин милдетин кошо аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаров учурда президенттикке ат салышууда…

Маалымат үчүн, кайталап белгилей кетели, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Алардын үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал добуш берүүгө 24 саат калганда (9-январда) токтойт. 10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт…

 

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.