Октябрь УРМАМБЕТОВ: «Шайлоо тилкелеринде тартип бузуулар болсо, мыйзам чегинде чараларды көрүү керек!»

Октябрь УРМАМБЕТОВ: «Шайлоо тилкелеринде тартип бузуулар болсо, мыйзам чегинде чараларды көрүү керек!»
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаары жана Чүй облусунун ИИББ жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Басма сөз кызматы бүгүн, 7-январда, билдирди.
Билдирүүгө караганда, Октябрь Урмамбетов шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштерин текшерүүгө алып, тийиштүү маанилүү маселелерди талкуулаган. Алдыдагы шайлоо өткөн күнү коомдук коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактоону, кызматтык тартипти бузбоону талап кылган. Ошондой эле милиция кызматкерлерин шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо, алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын жана шайлоо тилкелеринде тартип бузуулар каттала турган болсо, өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да эскерткен.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. 10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.