ВИДЕО — Жолдошу кызын зордуктабаганын айткан аял өзүн өрттөөгө аракет кылган…

ВИДЕО — Жолдошу кызын зордуктабаганын айткан аял өзүн өрттөөгө аракет кылган…

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ички иштер бөлүмүнүн алдында өзүн өрттөөгө аракет кылган аялды милициялар сактап калышты. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, өз өмүрүнө кол салган аялдын жолдошу кызын зордуктоого шектүү катары кармалып, камалган. Ал аял кызын жолдошу эмес, Ү. аттуу жаран зордуктаганын айтып, жолдошун бошотууну талап кылып чыккан. Милициянын айтымында болмо, кош бойлуу болуп калган 15 жаштагы өспүрүм кыз өгөй атасы зордуктаганын айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Окуянын чоо-жайын толугу менен төмөндөгү «АКИпресс» тарткан тасмадан көрсөӊүздөр болот:

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.