Жакшылык МАТАНОВ: «Жеӊиш Молдокматов лидерликти Муктар Өмүракуновдун уулуна тапшырганы туура болду»

Жакшылык МАТАНОВ: «Жеӊиш Молдокматов лидерликти Муктар Өмүракуновдун уулуна тапшырганы туура болду»

3 күндө бирден китеп окууга аракет кылган, 5 тилди (кыргыз, орус, англис, түрк, фарс) мыкты билген, стекинг деген интеллектуалдук оюнду Кыргызстанга алып келип, Борбор Азия боюнча «Спорт Стекинг» федерациясын биринчи бизде ачкан, дегеле, спортту сүйгөн, учурда жеткинчектердин билимин ар тараптан тереӊдетүү жаатында заманбап шарт-мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген, окуучулары ааламды билими менен багындырып жаткан “Интеллект” окуу борборунун негиздөөчүсү, жаштыгына карабай саясатта да ою кенен, максаты тереӊ жаш саясатчы, «Замандаш» партиясынын мүчөсү Жакшылык Матанов менен саясат жаатында азыноолак маек курдук. Маегибиз маектешибиздин жалпы элибизди Жаӊы жылы менен куттуктоодон башталды.  

— Учурдан пайдаланып, кыргызстандыктарды жаӊырган жаӊы жылы менен куттуктайм. Уй жылы берекелүү, жемиштүү, ак жолтойлуу, ийгиликтерди жараткан, бакыт-таалай тартуулаган, тынчтыктын, ден соолуктун жылы болсун! Өткөн жылда кайгылуу окуялар көп болуп, бир топ атактуу, чыгаан уул-кыздарыбыздан ажырап, кабыргабыз кайышты. Бийликтин алмашышы менен Кыргызстандын экономикасы туӊгуюкка кептелди. «Жамандыкты амандык жеӊет» дегендей, аман болуп, ынтымак менен мамлекетибизди алдыга жылдыралы.

— Жакшылык, сөздү ток этер жеринен баштайлы. Дегеним, бүгүн «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов жетекчиликтен кетип, лидерликти Муктар Өмүракуновдун уулу Аскарбекке тапшырды. Жетекчиӊердин мындай кадамын кандай кабылдадыӊар?

— Эми, Жеӊиш Молдокматовго келсек, ал лидерликти Муктар Өмүракуновдун баласына тапшырып бергени туура эле чечим болду. Себеби, «Замандаш» партиясын Муктар Өмүракунов түптөгөнү баарыбызга эле белгилүү. Жеӊиш Молдокматовго болсо, ийгилик каалайм, ал өсө турган кадр.

— Жеӊиш Молдокматов Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановго кошулуп, былтыр аянттагы митингге чыкты эле. Анын ал кадамын «Замандаш» партиясы кандай кабыл алды эле?

— Атамбаев, Бабановго кошулуп митингге  чыгуусуна мен каршы болчумун. Себеби, биздин партиянын «аларды колдобойт!» деген чечими бар болчу, Анан ал киши эмнегедир ал жолду тандады. Бул жагы мага түшүнүксүз болуп калган. Бирок, мен: «Туура эмес кадамга бардыӊыз» деп өзүнө да айткам. Саясатта ар кимдин өз көз карашы бар дегендей, учурда көз карашын билдирип атат.

— Эми кандай, партиядан биротоло кеттиби же мүчө катары калдыбы?

—  Партиядан биротоло кеттиби же мүчө катары калдыбы, ал жагын билбейт экем. Өзү да ачыктап жазбаптыр, ошон үчүн бул жагы мага да суроо боюнча калууда…

Партия жетекчиси алмашканда партиядан кетип калгандар болот го. Сенчи, каласыӊбы же кетесиӊби?

— Жок, мен кетпейм. «Замандаш» партиясында мүчө катары кала берем, ишин уланта берем. Себеби, толгон партиядан тандап алган алгачкы партиям.

— Саясатка аралашып, саясатчылардын чыныгы жүзүн аз да болсо аӊдап билип калдыӊ да. Президенттик шайлоо, референдум деп саналуу күн калды. Алтынчы президенттүү болгону турабыз. 18 талапкердин программа, платформасы менен тааныша алдыӊбы? Жакканы болдубу? Жашыруун болбосо, кимди шайлайын деп турасыӊ?

— Туура, аз күндөн кийин президенттик шайлоо, талапкерлер арасынан татыктуусун тандап алышыбыз керек! Жарышка чыккан 18 талапкердин көбүнүн прораммасы менен толук тааныша элекмин, убакыт болбой жатат. Бирок, кимдир бирөөсүн «президенттикке татыксыз» дегенден алысмын, антип айтууга укугум да жок. Себеби, «Кыргызстанды алдыга сүрөйбүз, жашоону оӊдойбуз, сырткы, ички карыздан кутултабыз!» деп турушат, эл катары алардын баары жакшы ниет менен чыгып жатат деген үмүттөмүн. Ар бирине ийгилик каалайм. Анан, албетте, мен да шайлоочумун, шайлоодо кимге добуш берем деп көпкө ойлонуп, акыры бир чечимге келдим. Менин тандоом — Улукбек Кочкоров, ушул талапкерге токтолдум.

— Себебин билсек болобу? Ал киши «Биримдик» партиясына кошулуп, элге жаман көрүнүп алды окшойт?

— Мага Улукбек Кочкоровдун программасы, платформасы жакты. Албетте, кемчиликсиз адам болбойт. Бул жалган жашоодо ката кетирбеген адам болбосо керек. Улукбек Кочкоровдун да чоң катасы «Биримдик» партиясына кошулганы болду. Бирок, бул кылмыш эмес да, чоң кылмыш кылган жок да.

— Шайлоодо өтөт деп ойлойсуӊбу?

— Аны бир Кудай билет. «Өтпөй турган талапкерди эмнеге колдош керек?» деген суроонун  өзү туура эмес. Тилекке каршы, ушундай суроону койгондор да болууда.  Ким өтөт же ким өтпөйт, ал Кудайдын иши.

— 10-январда башкаруу формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Сенин оюӊча, Кыргызстанга кандай башкаруу керек: президенттикпи же парламенттикпи?

— Абдан сонун суроо болду. Биз буга чейин президенттик башкарууну бир канча жыл көрүп келдик. Акыркы он жылда парламенттик башкарууну тандаганбыз, бирок, ал кагаз жүзүндө гана калып, иш жүзүнө ашкан жок. «Супер-президенттик башкарууда» келдик, чыныгы парламенттик формада биз жашай элекпиз. Азыркы келе жаткан бийликтин акылы болсо, дарамети жетсе, парламенттик форманы алып келсе жакшы болмок, тилекке каршы, алар президенттик форманы тандап жатышат. А мен болсо, парламенттик башкарууну тандаш керек деп ойлойм.

— Анализ кылып көрдүӊбү, бийликти алмаштыруудан кыргызстандыктар утулдукпу же уттукпу?

«Бийлик алмашканы менен сумма өзгөргөн жок» дегендей эле болууда. Бийликке келгендер толук кандуу иштей элек, ийгилик алып келгендерин көрө элекпиз. Андыктан аларга убакыт бериш керек. Эл катары менде да жаӊы бийликтен илгери үмүт бар. Эл үмүтүн актап, өткөндөн сабак алып туура кадам жасашаар. Биз болгону убакыттан уттуруп жатабыз. Карызды төлөө убактысы келип калды. Бир дагы жерибизди сатпай, башка жол менен карыздан кутулууну ойлошубуз керек. Иштей берели, саясат өзү менен өзү кете берсин… Бири-бирибизди жамандашпайлы… Мына, Англия өлкөсү билим берүүдөн эле ички экономикасына 1 жылда 42 млрд $ пайда алып келет. А бизчи? Болгону жакшы, кооз сүйлөйбүз. Жакшыны качан ишке ашырабыз, туӊгуюк…

— Мамлекетти өнүктүрүүдө бизге эмне жетишпейт: билимби, ыйманбы же акчабы?

— Ыйман, билим болсо, акыл менен акча табылат. Билимди тереӊдетүү керек. Ал үчүн кадр тандоодо жаӊылбаш керек. Мисалы, мына, Билим берүү жана илим министрлигине Алмазбек Бейшеналиев министр болуп туура келди. Ал беш тилди билет. «Билим берүүнү түп-тамыры менен өзгөртөм» деп жатат. Мен колдойм. Билим менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. (Күлүп) «Келатат, жаштар келатат» деген ыр бекеринен чыккан жок да. Жаштардын дүбүртү катуу келатат…

   Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Жеңиш Молдокматовдун «Замандаш» партиясынын лидерлигин Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке өткөрүп бергени бүгүн, 7-январда, маалым болду. Себебин билгиңиз келсе, бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.