Жеңиш Молдокматов Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке лидерликти өткөрүп берди

Жеңиш Молдокматов Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке лидерликти өткөрүп берди
«Замандаш» партиясынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке лидерликти өткөрүп бергенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал бүгүн, 7-январда төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
Урматтуу замандаштар, достор, мекендештер!
2018-жылдан тарта «Замандаш» партиясын жетектеп келдим. Бул жылдар аралыгында партиянын желегин түшүрбөй болгон аракетибиз менен бийик көтөрүүгө аракет кылдык. Элибизге маалым болгондой ыраматылык Өмүракунов Мухтарбек Сүйүналиевич негиздеген саясий уюм. Ар бир саясатчы болом деген инсан партияга мүчө болуу менен, өзүн саясий айдыңда көргөзөт. Чынында, партиянын жетекчиси катары өсүү бул чоң тажрыйба. «Замандаш» партиясы элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан, тарыхы таза, өз багыты бар партия. Мухтарбек Сүйүналиевич башында туруп, эл назарына алынган, калктын купулуна толгон. Ушундай партияны жетектеп кетүү, жетекчи катары партиянын кадырын көтөрүү мен үчүн чоң  жоопкерчилик болду. Партияны жетектеп жатып бийик, төмөн баскычтарды басып жатканда, бул партия мага берилген аманат экенин эстен чыгарбай жүрдүм. Биз жана биздин курам партияны саясий аренага саясий партия, күчтүү партия катары көргөзгөнгө аракет кылдык жана саясий билдирүүлөрдү ар бир абалга жараша билдирип турдук.
Мен «Замандаш» партиясын жетектөө менен чоң саясий мектептен өттүм. Кагылдым, чалындым, партиянын желегинин астында быштым. «Замандаш» — мен үчүн алгачкы саясий мектебим.
Негизи ар адамдын жашоодо жеке көз карашы, саясатчынын саясатта өз багыты болушу абзел. Андыктан, азыркы саясий кырдаалда утурумдуу бийликке болгон менин көз карашым жана багытым, эл алдындагы билдирүүлөрүм партияга, партия мүчөлөрүнө терс таасирин тийгизбеши үчүн партиянын лидерлигин Муктарбек Сүйүналиевичтин уулу Аскарбек иниме өткөрүп берүүнү чечтим. Уулу эрезеге жетип, саясатка талпынып турган чагында, партияны таза бойдон атасынан калган аманатты аткарып, өткөрүп берүү менин агалык милдетим деп ойлойм.
Кудай буйруса, жакынкы күндөрү прогрессивдүү, конструктивдүү, жаңы генерациядагы муун менен чоң күч болуп чыгабыз. Күрөш али алдыда.
Ал эми «Замандаш» партиясынын эртеңине албан ийгиликтерди жана саясий айдыңда зоболосу бийиктей берүүсүнө тилектештигимди билдирип кетем!
Урматым менен Молдокматов Жеңиш

Кайран гана 46 жаш…

“Замандаш” партиясын маркум Өмүракунов Мухтарбек Сүйүналиевич негиздеген. Ал Орусия, Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо максатында алгач ассоциация катары түзүп, кийин партияга айланткан. Мухтарбек Өмүракунов каза болгондон кийин партиянын лидери да, партиянын аталышы да (“Замандаш –Современник” деп)  өзгөртүлгөн.
Мухтарбек Өмүракунов 2011-жылы 1-майда Куба өлкөсүндө деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда күтүлбөгөн кырсыктын айынан 46 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-майда Бишкекте Айтматов атындагы Орус драма театрынын имаратында өтүп, сөөгү Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы Калинин айылында жерге берилген. Артында алты баласы (бир кыз, беш уул) калды…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Жеңиш Молдокматов Муктарбек Өмүракуновдун уулу Аскарбекке лидерликти өткөрүп берди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.