Бала бакча менен мектептер качан ачылаары айтылды…

Бала бакча менен мектептер качан ачылаары айтылды…

Бишкек шаарынын мэриясында шаардын билим берүү департаменти, эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы жыйын өткөрүп, бала бакча менен мектептер качан иштээри тууралуу чечим кабыл алышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 18-январдан баштап шаарда 1-5-9-11-класстарынын окуучулары мектепке бара баштайт. Бала бакчалар ишин 20-январдан баштап жандандырат. Тагырагы, мектептер жана бала бакчалар ишин Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн алгоритмге ылайык этап-этап менен жандантат. Мектептер эки мөөнөт менен иштейт. Парталарга балдар шахмат тартибинде, социалдык аралыкты сактоо менен отургузулат. Бул режимде жогоруда белгиленген класстардын окуучулары 1-февралга чейин окушат, тийиштүү адистер билим берүү процессине байкоо жүргүзүп, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болуп кооптуулук жаралбаса, кийинки этапка — бардык окуучулар мектепке барганга уруксат берилчүдөй…

Ага чейин, баштапкы этап башында, тагырагы, 12-январдан 18-январга чейин борбордогу мектептерде ҮМБ дарыгерлеринин жардамы менен мугалимдер медициналык кароодон өткөрүлөт. COVID-19 клиникалык белгилери барлар, алар менен байланышкандар ПЦР тестирлөөсүнө жөнөтүлөт. Ал эми билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт, райондук  билим берүү борборлору окуу процессин тамак-аш, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо сындуу даярдык иштерин бүткөрүшөт…

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынын аягынан тартып ишин токтотуп, ал окуу жылы онлайн окуу менен аяктап, жаӊы окуу жылында да окутуу аралыктан жүргүзүлүп, окуучулар сабактарын онлайн форматта окуп келатышкан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.