Үгүт иштеринде эреже бузуу фактысы катталды. Кимге канчадан айып пул салынды?

Үгүт иштеринде эреже бузуу фактысы катталды. Кимге канчадан айып пул салынды?

Президенттик шайлоонун алдындагы талапкерлердин жүргүзгөн үгүт иштеринде эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу кечээ, 7-январда БШКнын сайтына жарыяланды. Алардын айтымында, эреже бузуулар бирдиктүү реестрге катталып, талапкерлерге айып пул салынып, баары төлөп кутулган.

Кимге канча айып пул салынды?

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы эл менен жолугушууда театралдаштырылган көрсөтмө уюштурууда талапкердин Каракол шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге 7500 сом айып пул салынды.

Адахан Мадумаров үгүт иштерине жашы жете элек балдарды катыштырганы үчүн Баткен райондук штабынын жетекчисине 7500 сом айып пул салынды.

Имамидин Ташов үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн айыпталып, 7500 сом айып пулга жыгылды.

Бактыбек Калмаматов үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн айыпталып, 7500 сом айып пулга жыгылды.

КТРК шайлоо процессинин катышуучуларына маалыматты бирдей жеткирүүдө эреже бузганы үчүн айыпталды. Алар теледебаттын 1-турунун 30-декабрдагы видеосунун YouTube каналынан өчүрүп салгандыгы үчүн КТРКнын директору Бактияр Алиевге 5500 сом айып пул салынды;

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Алардын үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал добуш берүүгө 24 саат калганда (9-январда) токтойт. 10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.