Максат МАМЫТКАНОВ: «»Жетим-Тоо» кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт»

Максат МАМЫТКАНОВ: «»Жетим-Тоо» кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт»

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев бүгүн, 8-январда, басма сөз жыйынын өткөрүп, «Жетим-Тоо» кени боюнча кептерди четке кагышты. Алардын айтымында, «Жетим-Тоо» кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт жана өкмөт эл мүлкүн эч качан эч кимге сатпайт, сатылып кетти деген бул акыркы убакта шайлоо алдында жүрүп жаткан атайын каралоо гана.

Максат Мамытканов: «»Жетим-Тоо» темир кени жалпы элдин байлыгы, жеке Өкмөттүн байлыгы эмес. Аны эч ким саткан жок. Биз «кантип кенди иштетип, кантип жаңы жумуш орундарын түзүп, кантип экономиканы көтөрөбүз» деп пландарды түзүп жатабыз. «Жетим-Тоону» да өзүбүз иштетүүнү пландап жатабыз. Эч нерсе баштала элек жатып элди дүрбөлөңгө салуу туура эмес. «Жетим-Тоо» кенин иштетүүгө азырынча геологиялык чалгындоо иштери да жүргүзүлө элек. Бул совет мезгилинде аныкталган, ачык кен. Бирок азырынча эч кандай иш баштала элек. «Аны тышкы карыз үчүн сатып жиберди» деген эксперттердин сөздөрү чындыкка дал келбейт. Ошондуктан «Жетим-Тоо» боюнча Өкмөттү «чыккынчы» деп атабоого чакыраар элем», — десе, Жыргалбек Сагынбаев: «»Жетим-Тоо» кенин мамлекет кандай иштетет — баары ачык-айкын болот. Биздин кен байлыктарды мурдагы бийликтердин тушунда чет өлкөлүк инвесторлорго берип келсек, эми өзүбүз иштетебиз. Шылуундукка жол берилбейт», — деди.

Белгилей кетсек, «»Жетим-Тоодогу» темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн Кытайга берет экен» деген кептер көптөн бери эле айтылып келатат. Былтыр, декабрда «Жетим-Тоо» темир кенин коргоо кыймылы түзүлүп, 18-декабрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында «Жетим-Тоону» коргоо акциясы өткөн.

Жеңиш Молдокматов менен Садыр Жапаровдун «Жетим-Тоо» темир кени тууралуу айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Кытайга карызыбыз канча?

Финансы министрлигинин 2020-жылдын 31-августуна карата берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жалпы карызы 4, 827 млрд. долларды түзгөн. Анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. доллар — тышкы карыз. Эӊ көп карызыбыз Кытайга таандык. Тагырагы, 1,778 млрд. доллар — Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан (Эксимбанк) алынган насыя үчүн төлөнчү карыз.

Кошумчалай кетсек, узундугу 40 чакырымга созулган, 6 участоктон турган «Жетим-Тоо» кени Нарын облусунда жайгашкан. Анда (2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча) 3 млрд 344 тонна темир бар экени айтылып келет..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Максат МАМЫТКАНОВ: «»Жетим-Тоо» кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.