Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусун кабыл алып, бара турган болду

Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусун кабыл алып, бара турган болду

Бүгүн, 11-январда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казак президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Алардын айтымында, Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго телефон чалып, Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү сунуштап, расмий иш сапары менен Казакстанга келип кетүүгө чакырган.

Садыр Жапаров Казакстан президентине, казак элине ыраазычылык билдирип, президент катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын билдирип, чакырууну кабыл алды. Жана өз кезегинде Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктаган.

Ошондой эле президенттер эки тараптуу күн тартибинин бардык спектрлери боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин ырастап, эл аралык уюмдар алкагындагы кызматташтыкты чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин да билдиришкен.

Эске сала кетсек, кечээ, 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум болуп өттү. БШК айтымында, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров — 79,24% добуш алып жеӊишке жетти. Ошондой эле шайлоочулар 81,27% менен президенттик башкарууну тандап добуш бергенпарламенттик башкарууну жактагандар — 10,82%; экөөнө тең каршы — 4,42%.

16 талапкердин айрымдары шайлоону тааныбастыгын билдиришти. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сыяктуу уюмдар шайлоо жыйынтыгын тааныганын жарыялашты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусун кабыл алып, бара турган болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.