ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Өлкө тагдырын оң жолго салуу үчүн атаандаштарымды баарлашууга чакырам»

ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Өлкө тагдырын оң жолго салуу үчүн атаандаштарымды баарлашууга чакырам»

Бүгүн, 11-январда, «Ала-Тоо» аянтында концерт уюштурулду. Ал жерге президенттик шайлоодо 79% добуш менен алдыда келаткан Садыр Жапаров барып сөз сүйлөп, шайлоочуларына жана атаандаштарына ыраазычылык билдирди. 

«Урматтуу кыргызстандыктар, кечээ өз тандооңуздарды жасап, талапкерлериңиздерди тандап, аны менен катар референдумга да активдүү катышып бердиңиздер! Сиздердин колдооңуздар, мага болгон ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Дагы деле болсо мага кол кабыш кылып бересиздер деп ойлойм.  Бүгүнкү жеңиш жалгыз менин жеңишим эмес, добуш берген ар бир жарандын жеңиши болду. Анткени ар бириңиздер балдарыңыздардын, небереңиздердин келечегин ойлоп добуш бердиңиздер. Мен аткаруучу катары ишенимиңиздерди 100 пайыз аткарып берем деп толук ишендирип кетем. Башка талапкерлерге, атаандаштарыма да ыраазычылык билдирем. Анткени алардын саясатта өз салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да “өлкөнү өнүктүрсөм, Кыргызстаныбызды кубаттуу мамлекетке айлантсак экен” деген ыйык тилектери бар. Мен өзүмдүн атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм жана терең урматтайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен өз талапкерлигин койгон атаандаштарымды акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип, баарлашууга чакырам. Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айыңдан эл турмушу эч убакта оңолуп кетпейт. Бөлүнүп- жарылуудан эч нерсе утпайбыз. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген макалды унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек. Ырыскыны элибизге ынтымак гана алып келет”, – деди Садыр Жапаров.

«Азаттык» тарткан тасмадан толук уксаңыздар болот:

БШКнын бүгүнкү (11-январдагы) расмий маалыматына караганда, автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүттү, кол санак уланууда. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул акыркы жыйынтык эмес, бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат.

10-январда президенттик шайлоого 17 талапкер катышып,  Садыр Жапаров 79% добуш менен алдыда келатат. 2-орунду ээлеген Адахан Мадумаров 6,69%, 3-орундагы Бабыржан Төлбаев 2,39% добуш алды. Ал эми референдумга шайлоочулар 80% добуш берген.

Ал ортодо президенттикке талапкер Курсан Асанов менен Адахан Мадумаров  шайлоону тааныбастыгын билдирди. Ал эми Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши сындуу эл аралык уюмдар шайлоо жыйынтыгын тааныгандыктарын жарыялашты…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.