Жапаров «Эл президенттик башкарууну тандады»десе, Мадумаров «Накта хандык системага барабыз»деди

Жапаров «Эл президенттик башкарууну тандады»десе, Мадумаров «Накта хандык системага барабыз»деди

Кечээ, 10-январда, президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум болуп өттү. БШКнын баштапкы маалыматына караганда, референдумга добуш бергендердин 80,97%ы президенттик, 10,95%ы парламенттик башкаруу формасын колдоп, 4,45%ы экөөнө тең каршы болгон.

Бул боюнча президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров эмне деди? Ал шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында, референдум аркылуу өзгөртүлмөйүнчө азыркы Баш мыйзам иштеп турарын билдирди. «Эл президенттик башкарууну тандады. Эми конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун алып чыгып, жарыялайт. Парламент жаңы референдумдун күнүн аныктайт. Жогорку Кеңешти шайлоо системасы да өзгөрөт. Жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен шайланат. Бул маселе июнь айына чейин чечилет деп ойлойм«, — деди.

Адахан Мадумаровдун пикиринде…

Президенттик шайлоодо экинчи орунга ээ болгон Адахан Мадумаров шайлоону биринчи жолу эле эмес, буга чейинки шайлоолордо да тааныбай келгендигин баса белгилеп, референдум жыйынтыктарына ишенбестигин «Азаттыкка» билдирген. Ал шайлоочулардын башкаруунун президенттик формасын 80%дан ашыгы тандаганын «жомок» деп атап, «Дайыма алданып келген кайран гана касиеттүү кыргыз!  Эл мындай добуш берген жок! Садыр Жапаров мырза ушунчалык акылына кирбегендей жапайы ыкмаларга барганын көрө алдыӊыздар. Ушул депутаттардын колу менен эми жаңы Конституцияны кабыл алат. Добуш бергендердин 80%и президенттик башкаруу формасын жактап добуш берди. Эми «ханституция» деп жатпайбызбы, накта хандык системага барабыз. Андан кийин анан чыркырап чыгышат. Бул күндөр алыс эмес», — деди.

Адахан Мадумаровдун айткандарын видеодон 1 саат 1 мүнөт 50 секундадан баштап көрүп, уксаӊыздар болот.

БШК: «Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетти»

Эми, ал тарап, бул тарап ал дейби, бул дейби, шайлоо кандай өткөнүн БШК жакшы билет. Алардын айтымында, шайлоого  1 581 569 шайлоочу катышып, Садыр Жапаров 79,24% добуш менен жеӊишке жеткен. Экинчи орунда  6,71% менен Адахан Мадумаров турат.

17 талапкердин автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелген:

1. Садыр Жапаров — 79,24%;

2. Адахан Мадумаров — 6,71%;

3. Бабыржан Төлбаев — 2,35%;

4. Мыктыбек Арстанбек — 1.67%;

5. Абдил Сегизбаев — 1.46%;

6. Имамидин Ташов — 1.19%;

7. Клара Сооронкулова — 0.99%;

8. Аймен Касенов — 0.91%;

9. Улукбек Кочкоров — 0.68%;

10. Канатбек Исаев — 0.58%;

11. Бактыбек Калмаматов — 0.50%;

12. Курсан Асанов — 0.50%;

13. Элдар Абакиров — 0.50%;

14. Равшан Жээнбеков — 0.19%;

15. Каныбек Иманалиев — 0.18%;

16. Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%;

17. Арстанбек Абдылдаев — 0.08%;

Баарына каршы — 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

— Президенттик башкарууну колдогондор — 81,27% ;

— Парламенттик башкарууну жактагандар — 10,82%;

— Экөөнө тең каршылар — 4,42%.

ШКУ Кыргызстандагы шайлоону тааныйт

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана референдум жыйынтыктарын тааный турганын миссия жетекчиси Владимир Норов бүгүн, 11-январда, басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, ШКУ байкоочулар миссиясы добуш берүүгө ал аяктаганча көз салышкан жана шайлоо ачык өттү. «Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү эсептейт», — деди.

«Эл аралык толеранттуулук фондунун» айтымында, мыйзам бузуу катталды…

Ал эми «Эл аралык толеранттуулук фондунун» айтымында, алар президенттик шайлоодо жана референдумга добуш берүүгө Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусу боюнча 15 аймактык шайлоо тилкесинде байкоо жүргүзүшкөн. Алар олуттуу 25 мыйзам бузуу фактысы катталганын, аларга тиешелүү актыларды түзүп, БШКга жиберишкенин кабарлашты.

  Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Жапаров «Эл президенттик башкарууну тандады»десе, Мадумаров «Накта хандык системага барабыз»деди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.