12синде жарык дүйнөгө келип, 12синде келбес жакка кеткен Рыспай Абдыкадыров бүгүн эскерилет

12синде жарык дүйнөгө келип, 12синде келбес жакка кеткен Рыспай Абдыкадыров бүгүн эскерилет

Эсен болуп, эстей жүр!

КРнын эмгек сиңирген артисти, айтылуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун бүгүн, 12-январь туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Залкар талантыбыздын туулган күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында саат 12:00дө башталат. Санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен чакан форматта концерт тартууланат.

Рыспай Абдыкадыров Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында 1941-жылы 12-январда төрөлгөн. 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегине коюлган.

Рыспай Абдыкадыровдун ырын, сырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.