83,49% добушка ээ болгон Садыр Жапаровду Шавкат Мирзиёев да куттуктады

83,49% добушка ээ болгон Садыр Жапаровду Шавкат Мирзиёев да куттуктады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоодо атаандаштарынан алдыда келаткан Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Айтымыда, Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеңиши менен куттуктап, референдумдун да ийгиликтүү өткөнүн кубануу менен кабыл алганын баса белгилеген. «Мындан ары да эки мамлекеттин достугу бекемделип, ынтымагы арта берээрине, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм«, — деп билдирген Ш. Мирзиеев.

Садыр Жапаров куттуктоону кубануу менен кабыл алып, коронавирус менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

БШК: «Садыр Жапаров 83,49% добушка ээ болду…»

БШКнын расмий маалыматтарына караганда, президенттик шайлоодогу добуштардын саны улам жаңыланып жатат. Учурда эсептөө уланууда. Бүгүн, 12-январда, саат 10:00гө карата, кол менен эсептелгенден кийинки жыйынтык БШКга келип түштү. Атаандаштарынан алдыда келаткан Садыр Жапаров 83,49% добушка ээ болду.

БШК кечээ, 11-январда, автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүтүп, кол санак уланып жатканын кабарлаган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Бул акыркы жыйынтык эмес, бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат«, — деп билдирген эле…

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын ТИМ Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган маалыматты Twitter аркылуу таратса, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен Россия президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду телефон аркылуу куттукташкан.

Эске сала кетсек, 10-январда президенттик шайлоо менен Кыргызстанда мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. Президенттик тактыга 17 талапкер катышып, 79 пайыз менен Садыр Жапаров алдыга озуп чыккан. Ал кечээ, 11-январда, «Ала-Тоо» аянтындагы уюштурулган иш-чарага барып, элге, атаандаштарына ыраазычылыгын айтып, талапкерлер менен жолуга тургандыгын билдирген…

Садыр Жапаровдун аянттагы сүйлөгөн сөзүн толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.