Экс-премьер-министр Кубатбек Бороновду бүгүн Финпол суракка алат

Экс-премьер-министр Кубатбек Бороновду бүгүн Финпол суракка алат

Бүгүн, 12-январда, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур кечээ, 11-январда, журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, Кубатбек Боронов күбө катары суралат.

Белгилей кетсек, былтыр октябрь айында Финполиция коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынып, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  күбө катары суракка алынган…

Эми Бороновго кезек келди…

Эске сала кетсек, Кубатбек Боронов 2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрга чейин премьер-министр болгон. Ал былтыр бийлик алмашкандан кийин кызматтан кеткен. Тагырагы, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн андагы президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен отставкага кетирген. Боронов премьер болуп турганда коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабды жетектеген эле. Ал былтыр, 3-декабрда коронавирус менен ооруп, ооруканага жатып, дарыланып чыккан…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.