Ибрагим ЖУНУСОВ: «Индия элчиси Садыр Жапаровду президент болушу менен куттуктады»

Ибрагим ЖУНУСОВ: «Индия элчиси Садыр Жапаровду президент болушу менен куттуктады»

Индия мамлекетинин демилгеси менен Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Индиянын Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маниш Прабхат менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 12-январда, билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жолугушуу кечээ, 11-январда, болуп өткөн. Ибрагим Жунусов Прабхатты жаңы кызмат орду менен куттуктап, Өзбекстандагы ишине ийгиликтерди каалаган. Ал эми Индия элчиси Кыргызстандагы президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Садыр Жапаровдун президент болушу менен куттуктаган.

Жолугушуу жүрүшүндө, элчилер эки мамлекеттин достугу, ынтымагы, Кыргызстан-Индия кызматташтыгынын келечеги, соода-экономика маселелери тууралуу сүйлөшүп, эки өлкө бардык тармактарда тыгыз кызматташаарын билдиришкен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.