ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты
Бүгүн, 12-январда аба ырайы тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй шашылыш билдирүү таратты:
— 13-январынан 16-январына чейин аба ырайы бузулат. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

13-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл дубанында түнкүсун -4…-9, күндүз -2…+3,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,

Нарын жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13,

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13° болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2° болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.