Көп жыл УКМКда иштеген Рахат Сулайманов эми «5-каналды» башкарат

Көп жыл УКМКда иштеген Рахат Сулайманов эми «5-каналды» башкарат

Бүгүн, 12-январда, «Бешинчи каналдын» директору болуп Рахат Сулайманов дайындалды. Аны эмгек жамаатына 12-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тааныштырган. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

5-каналдын мурдагы жетекчиси  бул кызматка 2018-жылы, май айында дайындалган эле… Анын бул кызматтан бошотулушунун себеби ачык айтылган жок, Эрнис Кыязовдун жетекчиликтен кеткенин жазган «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган сүрөттөрдүн арасындагы «Жыйырма бешинчи кадр» жабык акционердик коомунун башкы директору Чоноров Марлис Сыдыковичтин колу коюлган чечимде да бир директордун ыйгарым укуктары токтотулганы, бир директордун дайындалганы гана жүрөт…

Ой, ким бул, ой?

Жаӊы башкы директор журналисттер журтчулугуна жакшы эле таанымал. Анткен менен 45 жаштагы Сулайманов Рахат Аскерович тууралуу кенен маалымат жокко эсе. Кыскача маалымат берсек, ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылында 1975-жылы 29-сентябрда туулган. Көп жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматын жетектеп келаткан…

Колдон колго өткөн «5-канал…»

Ал эми «5-канал» тууралуу айтсак, мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин, 2005-жылы КООРТ болуп өзгөргөн. Ага Акаевдин күйөө баласы (Бермет Акаеванын жолдошу) Адил Тойгонбаевдин тиешеси бардыгы айтылып, жазылып келген. Бирок, ал бул маалыматты четке каккан. 2019-жылы Казакстандын журналисти Айтурган Азимжанованын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

— “Бишкек ликер-арак заводу”, “Кант цемент-шифер заводу”, Бишкек шампан-шарап комбинаты”, “Кант заводу”, “Вечерний Бишкек” гезити, КООРТ телеканалы, “Манас” аэропортун жанар май менен камсыз кылган “Аалам сервис” компаниясы, булардын бардыгына канчалык тиешеңиз бар?

— Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бирөөсүнө да тиешем жок. Дагы кайталайм, жеке тарап катары да, юридикалык тарап катары да бул структураларда өкүл болгон эмесмин.

Кыргызстандан качып кеткенден кийин бир нече айып тагылып, 20 жылга сыртынан кесилип, эл аралык издөөгө алынган Адил Тойгонбаевдин маегин толук бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар.

Курманбек Бакиев бийлиги тушунда, 2007-жылы февралда ишин токтоткон КООРТ 5-канал болуп өзгөргөндө (2009-жылы) Оксана Малеваная башкарган. Ал 2010-жылы бийлик алмашканда Кыргызстандан качып кеткен. Апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сыртынан кесилген. 2010-жылы Убактылуу өкмөт декрети менен «Бешинчи каналды» негиздеген «Жыйырма бешинчи кадр» ЖАК улутташтырылган. Ар кыл талкуулардан кийин, 2011-жылы Жогорку Кеңеш ишин чагылдыруу максатында ««Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, «Бешинчи канал» парламенттик телевидениеге айланган болчу… Жана бир канча ирет директорлору да алмашкан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Көп жыл УКМКда иштеген Рахат Сулайманов эми «5-каналды» башкарат

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.