ЖАПЫКЕЕВ: «Пандемияда кылган иши үчүн Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова жооп берет. Аягына чыгабыз»

ЖАПЫКЕЕВ: «Пандемияда кылган иши үчүн Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова жооп берет. Аягына чыгабыз»

Бүгүн, 12-январда, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполго) күбө катары чакырылып, 5 саат сурак берип чыкты.

Боронов суракка эмнеге чакырылганын себебин айтты…

Кубатбек Боронов сурактан чыккандан кийин чакырылганынын себебин журналисттерге: Мени пандемиядагы гуманитардык жардамга келген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу күбө катары чакырышты. Ошол боюнча айттым, эми бул жакка мени чакырышпайт деп ишенем. Мен сиздерге башка маалымат бере албайм. Анткени маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча документке кол койдум”, – деп билдирди.

Сыймык ЖАПЫКЕЕВ: «Менде көп маалыматтар бар»

Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев суракка чакырылгандардын арасында мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да атын атады.

«Пандемиядагы гуманитардык жардамга келген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу ким жооптуу болсо, баарын чакырабыз. Жооп беришет, Абылгазиев, Боронов жана Алтынай Өмүрбековалар. Гуманитардык жардамга келген каражаттар айлыкка төлөнүп кеткен учурлар да бар экен. Көп маалыматтар бар. Бирок, анын баары тергөөнүн купуя сыры», — деп билдирген «Азаттыкка» Сыймык Жапыкеев.

Абылгазиев эмне дейт?

Эске сала кетсек, 2020-жылдын октябрында бул иш боюнча Финпол кылмыш ишин козгогон. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суракка алынган. Ал эч кандай мыйзам бузбаганын билдирген. Мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган.

Финпол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газель Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы (1 млн. долларга) кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген дейт…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.