Жээнбековдор сотко келбей койгонунан улам Капаровго карата сот чечими күчүндө калтырылды

Жээнбековдор сотко келбей койгонунан улам Капаровго карата сот чечими күчүндө калтырылды

Бүгүн, 12-январда, Жогорку сот Ош ОИИБнин 4 жылга кесилген мурдагы башчысы полковник Абдылда Капаровдун доо-арызын карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, сотко экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер Асилбек Жээнбеков келген эмес. Ага-ининин адвокаттары соттон Абдылда Капаровго чыгарылган мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырууну суранышса, Капаровдун адвокаттары анын ишин кайра кароого жиберүүнү өтүнүшкөн. Жогорку сот коллегиясы кеңешмеге кирип чыккандан кийин соттун мурдагы чечими күчүндө калтырылган.

Эске сала кетсек, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин, Ош облусунун андагы губернатору Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асилбек Жээнбеков экөө түштүктөгү абалды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 3 млн долларды кымырып алганын 2017-жылы Абдылда Капаров айтып чыккан. Ал учурда өлкө президенти болуп калган Сооронбай Жээнбеков ал айыптоону «каралоо» деп четке кагып, сотко да кайрылып, Капаровду айыппулга жыккан. Тагырагы, Капаров Ош шаардык сотунун чечими менен ага-ини Жээнбековдорго моралдык зыян келтиргени үчүн 250 миң сом компенсация төлөп бериши керек болчу. Бирок соттун ал чечимин аткарбай койгондуктан, ага «Экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген айып тагылып, төрт жылга кесилген. Ал 3 жыл абакта отуруп, бийлик алмашкандан кийин бошотулган. Ош шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу максатта Жогорку сотко арыз менен кайрылган…

И баса…

2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген Абдылда Капаровдун Жээнбековдор боюнча билдирүүсү «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалына 2016-жылдын 29-сентябрында чыккан. Дал ушуну бетке кармаган Башкы прокуратура Бишкектеги «Сентябрь» телеканалына иш козгогон. Аны Биринчи Май райондук соту бир заматта ишке ашырып, элдик сүйүктүү телеканалга айланган “Сентябрды” жаап салышкан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.