Канатбек ИСАЕВ: «Садыр Жапаровго эл добуш берди, аны моюнга алышыбыз керек!»

Канатбек ИСАЕВ: «Садыр Жапаровго эл добуш берди, аны моюнга алышыбыз керек!»

Президенттикке талапкер болгон Канатбек Исаев шайлоо боюнча пикирин билдиргенин «АКИпресс» жазып чыкты. Алардын айтымында, ал атаандашынан утулганын моюндаган. «Садыр Жапаров шайлоодо жеңишке жетишти, эл ага добуш берди. Муну моюнга алышыбыз керек. №1 орунда турат«, — деген К.Исаев.

Бирок, ал мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда шайлоочулар өтө аз болгонун, андыктан анын жыйынтыгынан шек санаарын билдирген.

Эске сала кетсек, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. Президенттик тактыга 17 талапкер катышып, Садыр Жапаров алдыга озуп чыккан. БШК айтымында, ал баштапкы жыйынтык (79% добуш) менен атаандаштарынан алдыда келатат. Автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүтүп, учурда кол санак уланууда. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат«, — деп билдирген 11-январда.

Ал эми референдумда шайлоочулар 80% добуш бергенин БШК билдирген…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.