«Келечек жаратманы» олимпиадасы жыйынтыкталат, анда окуучулардын ойлоп табуу иштери көрсөтүлөт

«Келечек жаратманы» олимпиадасы жыйынтыкталат, анда окуучулардын ойлоп табуу иштери көрсөтүлөт

19-январда, Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата өткөн жылдын февраль айынан бери II этап менен өткөрүлүп, ноябрь айында мыктылары тандалып калган «Келечек жаратманы» интеллектуалдык олимпиадасынын жыйынтыгы чыгып, жеӊүүчүлөрү сыйланат. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) бүгүн, 13-январда, билдирди.

Алардын айтымында, иш-чара Бишкек шаарында Гражданская көчөсү, 29 дарегинде жайгашкан OloloVostok хостелинде саат 10:00дө башталат. Анда республикалык олимпиаданын катышуучулары — жогорку класстын окуучулары арасынан тандалган мыкты долбоорлор, ойлоп табуу эмгектери көрсөтүлөт жана жеңүүчүлөр сыйланат.

Сурап-билүү телефондору: (0312) 68 04 70, (0550) 77 81 85

Белгилей кетсек, 2020-жылы февралдан ноябрга чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча II республикалык «Келечек жаратманы» олимпиадасын өткөргөн…

Ага чейин, 2020-жылдын 18-январында ал кездеги өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков жарыялаган Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагындагы иш-чаранын бири катары Кыргызпатент Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында ойлоп табуучу балдар чогултуп, Кыргызстанда биринчи жолу Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү  белгиленген болчу. Анда авиамоделдештирүү, электроника, баштапкы-техникалык моделдештирүү боюнча мастер-класстар өтүп, жеткинчек-өспүрүмдөрдүн робототехника, технология жана жашыл инновация, техникалык чыгармачылык боюнча мыкты долбоорлору көргөзмө катары көрсөтүлгөн эле…

Андыктан, бул жылдын башында да учурда аралыктан окуу менен көп нерседен чектелип жаткан балдарыбызга жакшы түрткү берчү иш-чара болгону турат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.