Курсан Асановдун жубайы суракка келгенде ооруп, ооруканага жаткырылды. Учурда реанимацияда…

Курсан Асановдун жубайы суракка келгенде ооруп, ооруканага жаткырылды. Учурда реанимацияда…

Ички иштер министринин мурдагы орун басары генерал Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКга суракка келгенде ооруп калып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, окуя 11-январда болгон. Ошол күнү Күлнара Үсөнканова УКМК чакыруусу менен суракка келип, ошол жерде ооруп калган. Аны УКМКнын Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери текшерген. Андан кийин ал «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, аягында Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.

Адвокаттын айтымында…

Күлнара Үсөнканованын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, анын абалы начар. Ал инсульт алган, учурда реанимацияда. Ал эми туугандарынын айтымында, ал суракка адвокатсыз барган. Катуу психологиялык кысымга туш болгон. Сурак учурунда абалы начарлап, эс-учун жоготкон.

Буга чейин УКМК 7-январда талапкерлердин биринин (атайын кызмат атын атабаса да, айрым сайттар Курсан Асанов деп жазып чыгышкан — ред.) У.К. аттуу жубайы А.О. деген адамдын жазган арызынын негизинде «алдамчылык» беренеси боюнча шектелип жатканын жарыялаган. Алардын айтымында, ал айым 2017-2018-жылдарда бизнес жүргүзүш үчүн «чогуу бизнес кылабыз» деп А.О. деген адамдан 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайра кайтарбай койгон. Иш аныкталып, Башкы прокуратурага өткөрүлгөн…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.