Кыргызстан карызы бир жылда 380 млн долларга көбөйдү. Эң көп Кытайга карызбыз…

Кыргызстан карызы бир жылда 380 млн долларга көбөйдү. Эң көп Кытайга карызбыз…

Кыргызстан карызы бир жылда 380 млн долларга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдын 30-ноябрына карата тышкы карыз 4 млрд 887 млн 46 миң долларды түздү. Бул сумманын 86,3%ы же 4 млрд 218 млн 38 миң доллары тышкы, 13,7%ы же 669 млн доллары ички карыз. Кыргызстан баарынан көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз – 1 млрд 782 млн 37 миң доллар. Эл аралык өнүгүү ассоциациясына — 671 млн доллар, «Азия өнүгүү» банкына 600 млн доллар карыз.

Былтыр, 2019-жылы 30-ноябрда мамлекеттик карыз 4 млрд 503 млн 48 миң долларды түзгөн. Бир жылда бул сумма 383 млн 980 миң долларга көбөйдү.

Карызга тынчсызданган калк. А бийликтегилерчи?..

Калк арасында «Жетим-Тоодогу» темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн Кытайга берет экен» деген кеп көптөн бери эле айтылып келатат. Мындай суроо үгүт иштери маалында Садыр Жапаровго да берилген. Анда ал: «»Жетим-Тоо» темир кени Кытай компаниясына берилди, алар карызыбыз үчүн жерибизди алып коёт экен» деген калп, жалган маалымат» деп жооп берген. Кененирээк жообун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоо алдында, 8-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, шайлоо боюнча маалымат берген. Анда да «Жетим-Тоо», карыз боюнча суроону журналисттер бергенде, ал: ««Жетим-Тоо» кени Кытайга сатылып кетти» деген сөздөр чындыкка дал келбейт жана өкмөт эл мүлкүн эч качан эч кимге сатпайт, сатылып кетти деген бул акыркы убакта шайлоо алдында жүрүп жаткан атайын каралоо гана«, — деген.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков былтыр, 14-апрелде Кытай лидери Си Цзиньпин менен телефондон сүйлөшүп, карызды төлөө мөөнөтүн узартууну суранган. Ал коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин эске алып Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштаган. Алар жооп бергенче бийлик алмашып кетти. Бул маселени жаңы бийлик оңго чечээр, үмүт кылып туралы!..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.