Видео — СООРОНКУЛОВА: «Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ага БШК көз жумуп койду»

Видео — СООРОНКУЛОВА: «Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ага БШК көз жумуп койду»

17 талапкер арасындагы жалгыз айым Клара Сооронкулова добуш санагы боюнча 7-орунда келатат. Ал «Азаттыкка» маек берип, бу шайлоонун артыкчылык, кемчилигин айтып бериптир. Анын айтымында, артыкчылыгы — трайбализмдин болбогону… кемчилиги — каралоонун катуу болгону…

«Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көп мыйзам бузулду. Көп нерселерге БШК көз жумуп койду. Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ушул маселелерди көтөрө беребиз. Шайлоо жыйынтыгы чыкканда сотко кайрылабыз, жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз», — дейт К.Сооронкулова.

Эске сала кетсек, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. Президенттик тактыга 17 талапкер катышып, арасынан Садыр Жапаров алдыга озуп чыккан.

БШК айтымында, Клара Сооронкулова шайлоочулардын 1% добушун алып 7- орунду ээледи. Автоматтык эсептеги добуштардын 98%ы саналып бүтүп, кол санак уланууда. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Бюллетендерди кол менен саноо жүрүп жатат, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылууда, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат«, — деп билдирген 11-январда…

Ал ортодо көпчүлүк добуш менен шайлоодо жеӊишти камсыздаган Садыр Жапаровдун дарегине алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн башчыларынан куттуктоолор айтылып жатат…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.