EFS чемпионатында жеңүүчү болгон Жусупакун уулу Жумгалбек тууралуу ИИМ эмне деди?

EFS чемпионатында жеңүүчү болгон Жусупакун уулу Жумгалбек тууралуу ИИМ эмне деди?

Мекенине кызмат кылуу менен спортту кошо алып жүргөндөр милициянын ага сержанты Жусупакун уулу Жумгалбек тууралуу маалыматты бүгүн, 15-январда, ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди.

«»Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, кыргыз элибиздин көп кырдуу жигиттерибиз арбын. Ошондой жигиттердин бири — ордолуу Ош шаарында жайгашкан ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун кызматкери милициянын ага сержанты Жусупакун уулу Жумгалбек. Ал 2020-жылдын 13-14-декабрында Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өткөн EFS чемпионатында жеңүүчү табылып, чемпион курун тагынган.
Жусупакун уулу Жумгалбек 1994-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында туулган. Мектепте өкүп жүргөн убакытта эле спортко кызыгып, бир нече түрү менен машыгып да жүргөн. Кызмат учурунда күжүрмөн самбо боюнча бир нече мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеген.
Милицияда эмгек жолун 2015-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын операциялар отрядынан баштаган. Азыркы учурда спортун ММА, күжүрмөн самбо жана кармашып мушташуу менен машыгып келет. Жетишкендиктерин айтып кетсек: ММА Вале-Тудо боюнча Орто азиянын чемпиону, кармашып мушташуу боюнча чемпионатында 3-орун, профессионалдык WEF Prof fight, WEF celection, FFC турнирлеринин жеңүүчүсү. ММАнын спорт чебери, кармашып мушташуу боюнча спорт чеберчилигине талапкер» деп жазылат маалыматта.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.