Экс-президент Роза Отунбаева Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, кеңешин айтты…

Экс-президент Роза Отунбаева Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, кеңешин айтты…

Экс-президент Роза Отунбаева президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Роза Отунбаева: «Садыр Нургожоевич, сиз өлкө өтө оор социалдык жана экономикалык кризиске тушугуп турган кезде бийликке келип атасыз. Учурда элдин үмүтү жана келечекке болгон ишеними Сиз менен байланышта болуп турганын өткөн шайлоонун жыйынтыгы таасын көрсөттү, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушуна ээ болдуңуз. Алдыда татаал реформалар турат. Менин терең ишенимимде ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүү менен колдоо көрсөтө алсак гана ийгилик болот. Элибиз “Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” дейт эмеспи. Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, Сиздин жетекчилик менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына ишенем«, — деп билдирген.

Белгилей кетсек, 10-январда президенттик шайлоо (референдум чогуу) өтүп, ага 17 талапкер ат салышкан. Атаандаштарынан Садыр Жапаров 79% менен алдыга озуп чыккан. Ал, БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан соӊ, бир айдан кийин кызматка кирише алат. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, учурда кол менен санак уланууда…

Беш президент тагдыры…

1. Аскар Акаев президенттикке кайталап шайланып бийликте 15 жыл отуруп алганы менен эл эсинде калды. Кызы Бермет Акаева менен 2020-жылдын 6-февралына караган түнү 43 жашында Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган уулу Айдар Акаев тээ бир кезде Жогорку Кеӊешке депутат болуп келгенде, элдин кыжырдануусу күчөп,  акыры Март революциясы болгон эле. Күйөө баласы Адил Тойгонбаев да тайраӊдап, экономикага зыян келтирип кеткени билинди. Ага бир нече айып тагылды, 20 жылга сыртынан кесилип, эл аралык издөөгө алынды. Акыры билдик, көрсө ал алыс кетпей эле Казакстанда эле жашап жүрүптүр. Казак журналисттери андан 2019-жылы интервью алганда, ал Кыргызстандагы ага коюлган айыптын баарын четке кагып, Бермет Акаева менен ажырашпаганын да айтып бериптир

Ошол…  «үй-бүлөсү аялы, балдары, күйөө баласы мамлекет ишине кийлигишип кетишти» делген сөзгө, сынга калган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кеткен.Үй-бүлөсү менен Россиядан баш калка таап, качып кетти. Өлкөдөн кантип чыгып кеткени, кимдер чыгарып кеткени ар кыл божомолдор менен айтылып жүрчү эле, жакында эле журналисттерге ошол учурдагы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандан Акаевди кантип чыгарып кеткенин эскерип баяндап бериптир.

2. Март революциясынан кийин бийлик алмашканда өлкө башына келген Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулатылган. Ал «Ала-Тоо» аянтын канга боеп кеткени менен элдин эсинде калды. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, сотто ал башкы күнөөкөр катары таанылып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Анын үй-бүлөсүнүн көпчүк мүчөлөрү да сыртынан кесилген. Аны да Кыргызстандан Нурсултан Назарбаев чыгарып кетиптир. Анын айткандарын бул жердеги ШИЛТЕМЕден уксаӊыздар болот. Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт.

3. Роза Отунбаева. Бакиев бийликтен кулары менен оппозиция биринчи декрет менен Убактылуу өкмөттү түзүп, Роза Отунбаеваны башчы кылышкан. Тагырагы, 19-майда кезектеги декрет менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалган. Ошол учурда Убактылуу өкмөт курамына кирген Алмазбек Атамбаев кийин, 2016-жылы 31-августтагы Эгемендик майрамында Убактылуу өкмөт бийлигин «легитимсиз»  атап, Роза Отунбаеваны жанына тургузуп алып опурулуп-жапырылып сындаганы эсибизде.  Убактылуу өкмөт мүчөлөрү анын айткан-дегенин четке кагып, агездеги жоопкерчиликти Отунбаева өзүнө алууга аргасыз болгонун баса белгилеп, буга Атамбаев өзү да күбө болгонун айтып келишет.

4. Алмазбек Атамбаев чынында президенттик кызматка жылуу-жумшак келди. Ал 7-апрель жана Ош окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде кызматка келди. Негизи Атамбаев бийлик башына өзү суранып келген экен. Ал болбосо Байболов болмок экен… Бул боюнча, ал кезде чогуу жүргөн, жагдайдын баарын ичинен билген коомдук ишмер, юрист маркум Бабырбек Жээнбеков айтып берген эле. Маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыздар болот.

Атамбаев 6 жыл бийликте бекем отурду. Ушунча жыл ичинде өзүнө ак сарай салып алганы менен элдин эсинде калды. Бийликтен да жөн кетпей, ордуна 1995-жылы табышкан досу Сооронбай Жээнбековду таштап кеткен эле. Президенттик шайлоонун алдында ачык эле аны мактап жатты, шайлоо аягына чейин досун сүрөдү. Бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берген президент катары өзүн даңазалаган эле… Анан эле эки достун мамилеси бузулуп, чукушмайлар, чукулдашмайлар башталды… Акыры Кой-Таш окуясы маалында камалып, илгерки мактаган, жактаган сөздөрүнөн кайтып, Жээнбековду ыплас сөздөрдү аралаштырып тилдеп, «мыйзамсыз келген, саткын» дегенге чейин жетип кас болуп калды. Учурда абакта… Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мына, бүгүн эле (15-январда) анын адвокаты Замир Жоошев Алмазбек Шаршеновичтин соолугу начарлап кеткенин жазып чыкты. «Алмазбек Шаршеновичтин омурткасынан эки грыжа табылган, ал көпкө чейин отура албайт. Жүрөк жана башка оорулардан да жабыркап келет. Ал тезинен дарыланууга муктаж», — деп билдирген Жоошев…

5. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, спикер орун басары, комитет төрагасы жана Айыл чарба министри, Ош облусунун губернатору, премьер-министр болгон… Анан, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо жыйынтыгы дагы бир революцияга алып келди. Ошондон кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Тагдыр тамашасын кара, 2017-жылы 15-октябрда  президент болуп келип, 2020-жылы дал ошол күнү —  15-октябрда кызматынан кетти. Бирок кийин «экс-президент» макамына ээ болду… Ал кезде президенттин милдетин убактылуу кошуп аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» макамын  берген. Мындай макам Сооронбай Шариповичке бир топ артыкчылыктарды берет, анын ичинде пенсия да каралган.

Пенсия демекчи, Каржы министрлиги Сооронбай Жээнбековдун пенсиясы боюнча былтыр, 27-ноябрда, журналисттерге билдирген. Анда алар Сооронбай Жээнбеков жылдын аягына чейин 296 миң сом пенсия алаарын айткан. Роза Отунбаева да «экс-президент” макамына ээ. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык фонд төрагасы болуп турганда, Жогорку Кеңеш жыйынына келип маалымат берип, Роза Исаковнанын пенсиясы 80 миң сомго жакын экенин билдирген эле…

А президенттер таржымалын дагы да улантабыз… жакшысын да айтабыз…

Кудай колдоп, өлкөбүз эми өчөшүү, эсептешүү жолунда эмес, өсүү, өзгөрүү жолунда болсун…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.