ИИМ чет өлкөгө чыгуучу паспорт, ID-картты туура пайдалануу тууралуу маалымат таратты

ИИМ чет өлкөгө чыгуучу паспорт, ID-картты туура пайдалануу тууралуу маалымат таратты

ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу жоголгон же жараксыз документтерди башка өлкөдө пайдалануунун кесепети жөнүндө эскертет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда, билдирди.
ИИМ төмөнкү кеңештерге көңүл бурууга чакырат:
— Мурда жоголгон чет өлкөгө чыгуучу паспортту, ID-картаны пайдалануу туура эмес;
— Чет өлкөгө чыгуучу паспортту же ID-картты жоготуп, кийинчерээк табылган болсо, аны чет мамлекетке чыгуу үчүн пайдаланууга болбойт;
— Жоголгон же уурдалган паспорттор жана ID-карталар тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалыматтар Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын уюмуна мүчө мамлекеттерге жөнөтүлөт.
— Чет мамлекетке жогоруда эскертилген документтер менен кирүүгө аракет кылган адам чек арадан кармалат, паспортунан айрылат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.