«Басып жүргөн боюнча өлүп калдык…» деген Элмирбек Иманалиев бүгүн 43 жашка чыкмак…

«Басып жүргөн боюнча өлүп калдык…» деген Элмирбек Иманалиев бүгүн 43 жашка чыкмак…

Эсен болуп, эстей жүр!

«…Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…
Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…
»

Бул саптар… Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиев (Калил уулу) жазган саптар… жүрөктөрдү бир селт эттирген саптар… топурап адам жүрсөк да, жалгыздап караӊгылык соруп, нысапты билбей, напсини тыйбай пейилдерди көмүп, басып жүрөбүз, бирок жүрөктөр, көөдөндөр өлүк, көздөр өчүк… — деген ачуу чындык жогорудагы ыр саптарында жаӊырган эле орошон талант көмөкөйүнөн… Жаӊыргансыйт азыр да тээ тереӊден… Аттиӊ, бирок «…көкүрөгүмдө толуп турган кандайдыр бир бук бар. Ал менде дайыма жашап келет. Менимче өлгөндө кошо кетет го дейм…» деген акындардын булбулу, асылдардын туйгуну Элмирбек жок арабызда… Бир заматта жүрөгүм деп, 2020-жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, канча элди ыйлатты… Аттиӊ… Арман… А бүгүн анын туулган күнү… Көзү тирүү болгондо 43 жашка чыкмак экен…

Куттуктап каалоо-тилек айтпай, кенен баарлашып маек курбай, эски маектерден жаркылдаган мүнөзүӊдү, адамгерчилигиӊди, акындык да, адамдык да асыл дүйнөӊдү издеп турабыз, Элмирбек… Эсен болуп, эстей жүрүӊүз, кадырлуу окурман!

Архивден…

— Элмирбек, «азыр түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетпейбизби?» деген кооптонуу турат. Бөлүнүүгө ким күнөөлүү, элби же саясатчыларбы?

– Кыргыз улуу эл болгон,

Кылымдарга тең болгон.

Жаатташкан анда ким болгон,

Жайыттары бир болгон.

Өз-өзүнчө ким болгон,

Өрүштөрү бир болгон.

Тогуздап малын айдашып,

Тоосун бирге жайлашып.

Алты сан малын айдашып,

Адырын бирге жайлашып.

Ынтымагы, адаты

Дилде болгон эмеспи.

Ынтымагы ырысы,

Бирге болгон эмеспи.

Эл бөлүнбөйт эч качан!

Эссиздер элди бөлүшөт.

Берекени качырган,

Бетсиздер элди бөлүшөт.

– Элди экиге бөлгөндөрдү ынтымакка чакырып кетпейсиңби…

Жетишет!

Чыгаандары Ата Журттун!

Жериңде кан төгүлдү,

аза жуттуң!

Өлкөбүздүн жүзүнөн өчүрөлү –

Өксүктү,

кара тагын капалыктын!

Кектешпей,

Кет, кет! – дешпей,

Кел! – дешкиле!

Бешигин бейпилдиктин

терметкиле!

Боздотуп бабалардын

ак комузун,

Болойун ортоңордо,

элдешкиле!

– Бүгүнкү бийликке ыраазысыңбы же нааразысыңбы?

– Жарчылар жалган сүйлөдү,

Жалпынын зарын билбеди.

Кыйындар жолдон адашты,

Кырданып мансап талашты.

Төрөлөр төрдү булгады,

Төбөлдөр элден уурдады.

Ойрондору кутурду,

Ойлободу кусурду.

Эссиздери эсирди,

Эстебеди кесирди.

Өйдө жактан ар кетти,

Өкүмөттөн ал кетти.

Жаттан алган карызга,

Жарыдык деп айтабыз.

Машине минип там салып,

Марыдык деп айтабыз.

Башканын кылган кайырына,

Байыдык деп айтабыз.

Мекенди коюп күрөөгө,

Менчиктеген дүйнөнүн.

Мээнетин бир күн тартабыз,

Жакшылап аны түшүнбөй

Жашообуз жыргал болду деп,

Жаркылдап жүрүбүз канчабыз.

– Азыр баары эле саясатка аралашып кетти. «Айтыш» коомунда да саясат бар болсо керек?

– «Айтыш» коому өлкөдөгү саясый кырдаалдарга кайдыгер болгон эмес жана кайдыгер болбойт дагы деп түшүнөм. Ал эми өзүбүздүн «Айтыш» коомубуздун ичинде өлкөдөгүдөй сасык саясат жок. Акындар бири-бири үчүн ачык, түз мамиле кылууну башкы ураан кылып келишет.

– Анда неге «Айтыш» коомунда жетекчилер бат—бат эле алмаша берет. Мисалы сен неге кеттиң?

– 2007-жылы «Айтыш» коомдук фондунун жетекчилигине Шекербек Адыловду сунуштап ишти өткөрүп бергем. Себеби, жеке чыгармачылыгым менен иштебей калганыма 6 жыл болгон эле. Китеп окуу, ыр жазуу, обон чыгаруу дегенди такыр унуткам. Анан айттым: «жүктү бирибиз чарчаганда экинчибизге өткөрүп берип турууну адат кылалы» деп. Дал ошондой болуп, Шекербек Шайырбек Абдырахмановго, Шайырбек Азамат Болгонбаевге өткөрдү. Азамат азыр күпүлдөп иштеп атат.

– Азамат өткөн саныбыздагы маек арасында «Амантай менен айтышкан жеңил» деди го. А сагачы? Кайсы төкмөчү менен айтышуу жеңил?

– Бардыгы менен айтышам!

Бардыгы менен тартышам!

Оорун колдон талашам,

Жеңилин жерден алышам.

Сыйым болсо – бөлүшөм,

Сырым болсо – төгүшөм.

Адыр болсо – тоо кылам,

Арык болсо – ноо кылам,

Будур болсо – тоо кылам,

Буйтка болсо – жол кылам,

Бузук болсо – оң кылам.

– Азыркы жаш төкмөчүлөргө бааң кандай? Кимиси көңүлүңө толот?

– Кийинки чыккан жаштардын катары арбыды. Арасында Азамат менен Аалынын ордун басчулар да бар. Мисалы, Арстанбектин түз тукуму – Асылбек Марат уулу, Болот Назаров, Баян Акматов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Турат Жумаев, Мирлан, Чыңгыздар. Анан да Тынчтык деген казармандык жигит бар. Ушул Тынчтыкта тынч эмес нерселер удургуп кайнап жүрөт да, азырынча оргуп сыртка чыга элек.

– Элмирбек, сен мыкты обончусуң. Өзгөчө «Булбулум» (обону, сөзү өзүнүкү) аттуу ырың мактоого арзыды. Оңой менен мактабаган Түгөлбай Казаков: «Чыныгы обончулук Асанкалый Керимбаев менен бүттүбү деп кооптончу элем. Көрсө, бар экен. Ал Элмирбек Иманалиев. Анын «Булбулум» аттуу обону не деген керемет обон» деп таасирленсе, Саламат Садыкова бул ырды укканда ыйлаган турбайбы. Бул ырдын тарыхына токтолсоң…

– Түгөлбай аганын мактоосу мага чоң дем берген. Бул ыр 1998-жылы чыккан. Достор менен Байтик айылы жактагы тоого барып калдык. Булбул сайрап турган май айы эле. Ошондо жаралып, өзүбүздүн чөйрөдө ырдалган. Алгач Калыйбек Тагаев нотага түшүрүп, «тимеле ойкуштаган обон экен» деп күлгөн. Уккан эле киши жактырып калчу. Акырындан элге тарай баштады. «Ушул ырды мага берчи, аткарып чыгайын» деп Элмира Кайып кызы мага пиво алып берди. Саламат Садыкова болсо, Мухтар Ауэзовдун туулгандыгынын 100 жылдыгына карата болгон тойго Алматы шаарына баратканда уккан. Газпромнефть Азиянын» азыркы башдиректору Болот Абилдаевдин (анда ал Свердлов райондук казыналыктын башчысы эле) машинасы менен бирге барганбыз. Ошондо Саламат эже «Булбулумду» кайра-кайра ырдатып ыйлаган. Бул ырды алгач Саламат эже ырдап чыккан. Кийин Элмира Кайып кызы, Кундуз Таштаналиева, анан Омар ырдады. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапты бул ыр. «Түгөлбай таазим эткен обон» деген аталыш менен Сазыкбай Турдумалиев агай «Асаба» гезитине макала жазган эле.

– «Асабанын» кайрадан жарыкка чыкканын кандай кабылдадың?

– Асабанын чыгышы –

Атпай журттун ырысы.

Кайран Мелис агабыз

Калкымдын болчу кылычы.

Кылычыбыз кырт этти,

Кыргыздын сөөгү зырп этти. 

Эрнистей иниси –

Эсилдин калган күмүшү,

Элинин жанган үмүтү.

Тулпардын асыл туягы,

Туугандын жарык чырагы.

Мекемдин – алтын сакасы,

Мен сүйгөн элдин батасы…!

 Маектешкен Назира СААЛИЕВА

“Баягы Асаба”, 12-декабрь, 2013-жылы

Галереядагы сүрөттөр…

Белгилүү сүрөтчү агабыз Асан Турсункулов былтыр күзүндө Нарын шаарындагы галереясына 8 атактуу адамдын портретин тартып кошкон. 8 адамдын экөөсү: Мелис Эшимканов менен Элмирбек Иманалиев. 

Сүрөтчү агабыз Асан Турсункуловдун маегин окуйм, сүрөттөрүн көрөм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз!

One thought on “«Басып жүргөн боюнча өлүп калдык…» деген Элмирбек Иманалиев бүгүн 43 жашка чыкмак…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.