МАЕК — Кусеин КАРАСАЕВ: «Аалы Токомбаевдин “Жараланган жүрөк” повестиндеги Тарпаңбай менмин»

МАЕК — Кусеин КАРАСАЕВ: «Аалы Токомбаевдин “Жараланган жүрөк” повестиндеги Тарпаңбай менмин»

РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү журналист Шейшекан Жаналиева эжебиз биздин сайт (Alakan.biz) менен бир тыйын сурабай кызматташып келет. 2019-жылдан бери маанилүү, мыкты маектерди берип, сайтыбыздын окумдуулугуна чоӊ салым кошуп келатат. Алгач “Манжылы-Ата боз үй” эс алуучу жайынын ээси Бакыт Чойтонбаев менен, андан кийин акын, журналист Табылды Мукановдун жубайы Тамара Токтомамбетова, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров менен мыкты маектерди берди.

Шейшекан эжебиз «Баягы Асаба» гезитибизде да кызматташуусун токтоткон эмес. Анда да «Мен Тянь-Шань» киносундагы башкы каарман Ильястын кызыл жоолук жалжалы Аселдин турмуштагы прототиби Озуйпа  Курманова жана полковник, акын, маркум Жолдошбек Бузурманкуловдун калеминен жаралган, 30 жылдан бери ырдалып келаткан»Ильястын ыры» деген керемет ырга обон салган Жекшен Тагаев менен маектери жарык көрдү эле. Мындай табылганы сайтыбызга да жайгаштырганбыз.

Жакында эле Дөөлөт Сыдыковдун манас айтуусундагы иш-чарага демөөрчү болгон Азат Исакуновдун сонун маегин берди. Эми минтип кыргыз элибиздин залкар уулу, тилчи, лексикограф жана лексиколог, агартуучу, адабият таануучу, окумуштуу, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата кыргыздын тунгуч актрисаларынын бири, алгачкылардан болуп кыргыз стенографиясы боюнча окутуу методикасын түзгөн, Кусейин атанын үйдө да, илимде да оӊ колу, жардамчысы болгон жубайы Айша Карасаева апабыз жана Кусейин атабыз менен болгон маегин почтабызга салып жибериптир, окуп коюӊуз, кадырлуу окурман…

Эсен болуп, эстей жүр!

Ысымдары аңызга айланган, тарых күүсүндөгү инсандар, белгилүү түрколог, айтылуу аалым Хусейин Карасаевди, алгачкы кино актриса, биринчи стенографист Айша Карасаеваны кимдер билбейт. Бирин-бири толуктап, бири-бирине арка-жөлөк болуп, эгиз козудай ээрчишкен түгөйлөр кылымда бир жаралса керек деген аңыз кептердин учугу ушул бүгүн да уланууда.Экөө тең узак өмүр сүрүштү. Кусейин ата 100 жашында акка моюн сунду. Айша апа 103 жашында дүйнө салды.

Кусейин экөөбүздүн башыбыздан эмне деген кыйынчылыктар өткөн жок. 11 жашымда “Кой терисин жамынган карышкырлар” деген фельетондун каарманы болгом. Бөрк ал десе, баш алгандар мени «байдын кызы, ажынын небереси» дешип секелек кезимден жүрөгүмдү жаралашкан. Атаңарга “улутчул, эл душманы” деген жалган жалаа жабылган. Экөөбүздүн бекем ынтымагыбыз, астейдил ысык мамилебиз ойго эмес, түшкө кирбеген кыйынчылыктарды жеңүүгө, доско табаа, душманга күлкү болбой жашаганга үйрөтүп, бизди чыйралтты. Кусейин 10 жыл кызматсыз жүрдү. Биз үчүн 1940-1950-жыл өтө оор болду. Досторубуздун көбү бизден жүз үйрүп кетишти. Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев гана ал-жайыбызды сурап, ыгы келген жерде акчалай жардамын аячу эмес. Бүгүн кыздарымды тойгуздум, эртең эмне тамак жасап беремин деп сары-санаага баткан далай күндөр өттү. Кыйынчылык адамдын эркин, күчүн, кайратын, акылын сынайт тура. Кудайга шүгүр, атаңар 94түн, мен 84түн тамагын ичип, бактылуу карылыктын төрүндө олтурабыз. “Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген накыл-кепти тереңдеткен элибизге ыраазыбыз. Жумагул Сааданбеков Караколго көчүрүп, баардык шартыбызды түзүп берди, тамак-аштан кем эмеспиз. Хусейин атабызга, Айша апабызга учурашып келели дегендерге ар дайым эшигибиз ачык. Эл ичинде биз, силер аман болгула”,- деген Айша апа менен алгач жүз көрүшкөнүм, чай үстүндө пикирлешкеним күнү бүгүнкүдөй жадымда.

Күн мурда Айша апа менен телефон аркылуу сүйлөшүп, маектешсем деген тилегимди айткан элем. “Кызым, биз журналисттерге өтө аяр мамиле жасайбыз. Кабарчылар Кусейин экөөбүздүн өмүр жолубузга, тарых-таржымалыбызга кызыгышат, аларга ыраазыбыз, бирок интервью берүүдөн чочулап турабыз. Куру бекер мактана берүүдөн тартынабыз. Эми атайын телефон чалыпсың, эртең келип кет”,- деген Айша апанын жумшак коңур үнү мени ого бетер арбап, убакыттын өтмөгү тозок болгон эле…

Кыштын ызгаар суугу бети-колумду чымыратып үшүп барганымды билем. Бирок атактуу эки адамдын босогосун аттаарым менен эле сөз менен жеткире албаган жылуулукту, мээримдүүлүктү сезгем. Каракол шаарындагы Дзержинсий көчөсүндө унутуп калбасам №3-үйүндө короо-жайы чакан үйдө жашагандарына аз эле убакыт болсо да баардык буюмдар өз ордун таап, Айша апанын тазалыкты, иреттүүлүктү, тазалыкты сүйгөн сарамжалдуулугу көзгө дароо урунду. Терезеге жакын коюлган диванда “көрсөм деген” Кусейин ата олтуруптур. Жылуу учураштык.

— Облустук гезитте иштейм деген журналист кыз келет дегенинен күтүп олтургам. Ии, жакшы, бизден кабар алам дегендерге Айша экөөбүздүн эшигибиз ар дайым ачык. Фрунзеде болсо такыр башкача да бири-бирибиздикине оңой менен кирип-чыгышпайбыз. Караколго келгенден бери көп эрикпей, зерикпей калдык. Иштегенге да, келген-кеткендер менен кобурашканга да убакыт таап, күндүн кандай өткөнү билинбейт.

Кусейин атанын жөнөкөйлүгү, адамды өзүнө тарта билген жапакечтиги жакты.

Түш оой барган элем, кеч бешимде алар менен коштоштум. “Жокко муңайбай, барга манчыркабай өмүр сүрдүк” деген тема коюп зирек акылы, илим-билимге умтулган жаңычыл көз карашы, ай чырайлуу сулуулугу, улуулугу менен бизди, жаштарды суктандырган Айша апа менен болгон дил маегимди жазып, эртеси эле жүрөгүмө жылуулук, мээрим тартуулаган үйгө шашыла жөнөдүм.

Айша апа, эгерде дилмаек сизге жакса гана гезитке чыгат, жакпаса… Бир чети сүрдөп, бир чети тартынып турдум. Накыл сөздүн жилигин чагып, каймагын калпыган эки адамдын сынына толуш, оңой бекен?! «Кана, ушунчалык тез жазып салдыңбы? Бая сен телефон чалганыңда таң калып койдум эле. Чай ичели, атаңарга котлет бышырдым, сага да буюруптур«,- деген Айшанын апанын мээримдүүлүгү, 84кө чыкса да шамдагай кыймыл-аракети өзүнө дагы арбап алды.

Кудай жалгап койгон темам, рубрикам да жакты Айша апага. “Эстутумуң жакшы экен, жашсың да. Айткандарымды кагазга түшүргөн деле жок элең, анда-санда гана бир нерселерди чиймелеп олтургансың. Ыракмат, бул кесипти туура тандапсың”,- деп ак баталарын беришти.

Кабарчылык ишиме байланыштуу көп эле каармандарымдын алкышына ээ болуп, ак баталарын алган элем. Бирок элдик академик Кусеин Карасаев менен “Чүмбөттөлгөн араба” аттуу кыргыздын эң алгачкы кино тасмасынын башкы каарманынын бейнесин жараткан Айша Карасаеванын берген ак баталары бир тең болду. Ал 1993-жылдын, 18-февралы эле. 20-февралда Айша апанын “Чүмбөттөлгөн араба” кинотасмасындагы көз ирмемдерин эске салган сүрөтү менен “Жокко муңайбай, барга манчыркабай өмүр сүрдүк” деген аталыштагы дил маегим гезитибизге чыкты.

Айша апа Кусейин ата менен Фрунзеде педтехникумда окуп жүргөн кезинде таанышкан экен. “Ал кезде атаңардын болуп-толуп турган кези эле да. Ленинград шаарындагы Чыгыш институтунда окучу. Бир жылдык каникул алып Фрунзеге келиптир. Бир чети карындашы, жердеши катары сыртымдан көз салып жүрүптүр. Султаналы байдын кызы, Түмөнбай ажынын небереси деген кодуло мени аябай чүнчүтүп, баш көтөрө албай жүргөн кезим эле. “Эгерде ата-энеңден баш тартып, айылга каттабайм десең окуудан чыгарылбайсың. Мындан башка жол жок”,-эл агартуу министри Касым Тыныстановдун берген кеңеши менен ата-энемден баш тартууга аргасыз болгон элем. Мен жөнүндө толук маалымат алган Кусейиндин “минтип жүрсөң чүнчүп кетесиң, сени алып кетейин”,-деген сунушуна макул болуп, чакан гана той өткөрүп экөөбүз Ленинградга кеткен элек. Андан бери канча суу акты, көмүрдөй чачыбыз агарды, жүзүбүзгө бырыш басты. Бирде ач, бирде ток болдук, жүдөдүк, бирок эркибизден майтарылган жокпуз”,-деген эле Айша апа оомал-төкмө өмүрдүн өткөн-кеткендерин эске салып.

Маркум Кусейин атанын чакыруусу менен алардын үйүнө тез-тез каттап, Айша апанын мүнөздөп, түрлөп бышырган тамак-ашынан далай даам сыздым. “Кызым, эмне жаңылыгың бар, бу журналисттер силер окуянын чордонунда жүрөсүңөр да. Алжып баратыптырмынбы? Көп сүйлөп коем, анымды билем. Бирок өткөн-кеткен өмүрдү эске салбай да кое албайсың. Үч тамганын (КГБ) кайтаруусунда, аңдуусунда жүргөн күндөрүмдү унутпайм. Биз жашаган үйдүн бет маңдайында бут кийим оңдой турган чакан жай ачып КГБнын тыңчысына өтүкчүнүн жумушун бергенин, ал менин качан үйдөн чыгып, качан кайра кайтаарымды, биздикине кимдер келип-кетээрин, кыскасы, мен тууралуу маалыматтарды жеткирип турчу экен. Бут кийим оңдоочу жай түп орду менен жоголгондон кийин гана “өтүкчүнүн” чоо-жайын билбедикпи. Аалы Токомбаевдин “Жараланган жүрөк” повестин окусаң керек. Тарпаңбай деген каарманы менмин.

Чоң-Сары-Ойдо дачабыз бар. Жыл сайын жай айларынан кеч күзгө чейин дачабызда эс алчубуз. Бир күнү Ысык-Көл университетинин ректору Жолдош Жусаев бизге учурашканы барып “Караколго көчүп келүүгө бизди көндүрбөдүбү. Жумагул Сааданбеков баардык шартыбызды түзүп берди. Айша экөөбүз дале тыным албай иштеп жатабыз. Жазгандарымдын баарын машинкага басып иреттеп чыгат. Саякбай Каралаевдин ой боюна койбой жатып Фрунзеге алып келгендердин биримин. Баса, унута элегимде Сакем жөнүндө жазгандарымды ала кетип гезитиңерге чыгарып койсоңор жакшы болот эле. Маркум Сакем бүркүтү коен алса, түлкү илди, түлкү алса карышкырды мыкчыды деп көбүртүп-жабыртып айтканды жакшы көрөөр эле. Өлсөм туулган жериме көмүлөм деп санаам тынып калды. «Ала-Арча» көрүстөнүнөн мага орун тийеби, тийбейби айта албайм. Байтиктин Басбөлтөгүнөн жер талаша албайм. Тасманын белине коюлсам дейм, ары-бери өткөндөр кабырыма келип куран окуп турушат. Өзүм болсо Ысык-Көлдүн шарпылдаган добушун тыңшап жатам.

Кылымга жакын жашаган мага окшогон карынын кебин капка сала жүрүшсүн, мына ушундай ой менен өзүңө окшогон жаштарга көргөн-билгендеримди айтып үлгүрсөм деген гана тилек бар, азыр менде. Жакында эле “Накыл сөздөрдү” Айша апаң экөөлөп кайра редакциялап басмага тапшырдык. Ал качан чыгат, айтуу кыйын бирок эмгегибиз жерде калбайт, кийинки муун үчүн керек болот”.- деген Кусейин ата менен кездешкен сайын дүйнө өмүргө карата көз карашым тереңдеп, кубанып, кудуңдап кайтаар элем.

Кур кол кайтпай өзүм менен кошо ала келген атанын машинкага басылган бир топ чыгармалары ошол жылдары “Ысык-Көл кабарлары” гезитине маал-маалы менен жарыяланып турду. Дегинкиси, Карасаевдердин облустун борбор калаасына көчүп келиши өздөрү үчүн эле эмес, караколдуктар үчүн да чоң олжо, үлкөн жаңылык болгон эле. Ысымдары аңызга айланган тарых күүсүндөгү эки инсандын өнөгөлүү өмүр жолдоруна кызыккан жаштардын өтүнүчтөрү менен жолугушуулар уюштурулду. Облустук мамлекеттик архивинде өздүк документтери архивдин фондун толуктады. “Хусейин атага, Айша апага учураша кетели, ак баталарын алалы” дегендердин аягы экөөнүн көздөрү өткүчө үзүлгөн жок.

Хусейин ата 2001-жылы 25-январда акка моюн сунду. Айша апанын Кусейин ата дүйнө салганда “падышам” деп жоктоп ыйлаганы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткен эле…

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.