БШК: «Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум апрелде өткөрүлүшү ыктымал»

БШК: «Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум апрелде өткөрүлүшү ыктымал»

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл, апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков бүгүн, 19-январда, «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү маселеси талкууланып жатат, бирок азырынча бир чечим чыга элек.

«Экөө чогуу өтүшү мүмкүн. Негизи, ошондой сөз бар. Сунуштар айтылган. Азыр так кесе мынчанчы күнү болот деп айта албайбыз. Шайлоо жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Болжолдуу түрдө апрелде өтөрүн божомолдоп жатабыз«, — деди Изреков.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев да 19-январда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, референдум жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өтүшү мүмкүн экенин болжогон.

Эске сала кетсек, былтыр, октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, ага байланыштуу 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөн.

Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканы былтыр 11-декабрда кабарланган. Конституциялык кеңешменин маалыматына караганда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо уланууда.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда добуш бергендердин 80%дан ашыгы президенттик башкаруу формасын колдогон…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.