Каримованын сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергени тууралуу Маданият министрлиги сотко кайрылды

Каримованын сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергени тууралуу Маданият министрлиги сотко кайрылды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп кайрадан дайындалышы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганы тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 19-январда билдирди.

Алардын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бир катар бузулушуна жол берген. Ырчы Самара Каримова сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген. Мыйзам боюнча, доогер сотко 2 жылдан кийин эмес, 2 айдын ичинде кайрылуусу абзел.

Маданият министрлигинин билдирүүсү толугу менен төмөндө:

— Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине ылайык, ыйгарым укуктарынын чегинде, Министрлик менен Каримова Самаранын ортосунда келип чыккан эмгек талаш-тартыштарынын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул болбой 2021-жылдын 15-январында апелляциялык арыз менен кайрылды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бир катар бузулушуна жол берген:

1. Министрликтин атынан сотко бир катар процесстик аракеттерди жасоого ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча, өкүлдүн бир катар процессуалдык аракеттерди жасоо укугу, көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген ишеним катта атайын каралышы керек. Демек, бул одоно процедуралык мыйзам бузуу болуп саналат.

Ошондой эле, сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган мурдагы министр тарабынан берилген. 2020-жылдын 14-октябрында жаңы министр Н.Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчиси же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлуп, ошол уюмдун мөөрү басылышы керек.

2. Доогер С.Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан күндөн тартып же эмгек китепчеси чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде жеке эмгек талаш-тартыштарын кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Белгилей кетсек, эми апелляциялык арызды кароо Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык сотунда жүргүзүлөт. Ошондой эле, бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Бул мыйзамды статс-катчы билбейби? Буга чейин министр эмне деген?

Бул жерде кызыктай жагдай түзүлдү. Самара Каримова директорлук кызматына кайра бара алаары тууралуу министр Нуржигит Кадырбеков  «Азаттыкка» 13-январда билдирген. Анда ал: «Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. «Кызматы кайра калыбына келтирилсин» деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек!», — деген эле. Анан кайра «райондук сот туура эмес кылган, мыйзам бузулган» деп шаардык сотко 15-январда кайрылып жатышат. А эмне үчүн буга чейин министр буйрукту жакшылап карабайт? Министрликтин билдирүүсүндө статс-катчысы Бакытбек Секимов тууралуу сөз жок. Мыйзамды бузганы үчүн ага сөгүш же эскертүү берилиши керек болчу. Бул бир. Экинчиден, Секимов иштеп жаткан жери шаардык сотко кайрылганын билбейби? Ал учурда Самара Каримованы ээрчитип, окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырып Ошто жүрөт го. Ал эки жыл мурун ырчыны кызматка даярдоо буйругуна кол койгонун моюндап, Каримова экөө сотто утуп алышкандарын баса белгилеп, чечим чыгарган сотту алкап жатат го…

Статс-катчынын орду, ролу кандай?

59 жаштагы Бакытбек Секимов Маданият министрлигине статс-катчы болуп, андагы премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен  2016-жылы келген.

Статс-катчынын кызмат орду кандай? Укуктук статусу боюнча, мамлекеттик жетекчинин 1-орун басары. Мамлекеттик органдарда жогорку администрациялык кызмат. Кайсы бир мамлекеттик жетекчиси кызматынан бошотулса, ал жаңы башчы келгенче министрдин ишин жүргүзүп турат. Кадрдык жана финансылык маселелерди көзөмөлдөйт. Финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашыра алат. Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууну уюштурат;

Юристтердин айтымында…

Президенттикке талапкер болуп ат салышкан тажрыйбалуу юрист Клара Сооронкулова бул жерде мыйзам бузулганын баса белгилеп, «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Райондук соттун чечими күчүнө кире элек. Маданият министри Нуржигит Кадырбеков ызы-чуу кылбай, буйругун чыгарбай токтотуп турса болмок. Өкмөт башчы Артём Новиков министрлерине көз салып, кырдаалга киришсе болмок. Бул жеке бир коллективдин проблемасы эмес. Окуу жайлардын жетекчилерин коллектив тарабынан шайлануусун мыйзам менен бекитип бериш керек. Эмнеге жогорку окуу жайлардын мугалимдери жетекчиликке шайлоого жана шайланууга укуктуу, ал эми кесиптик окуу жайларында мындай мүмкүнчүлүк жок? Тең укуктуулук жактан алганда бул кодулоо (дискриминация)»,-деген Клара Сооронкулова. Ошондой эле ал: “Маданият жана искусство” багыты боюнча жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундарындагы эмгек стажы 5 жылдан кем эмес болуш керек» деген мыйзамды жайгаштырды.

Эмгек жамаатынын талабы…

Аталган окуу жайдын мугалимдери да дал ушул эмгек стажын айтып жатышат. Алардын айтымында, Самара Каримованын билими жетишсиз, тажрыйбалуу эмес. Ал бул кызматка келиш үчүн тепкич менен көтөрүлүп келиши керек. «Самара Каримованын билими, эмгек стажы жетпейт. Анан кантип бизди ал башкарат? Биз анын сыйлыгына эмес, билимине карап кабыл албай жатабыз. Ал сыйлыкты бат эле алып алды, а бизде болсо 15 жыл иштегендер ала албай жүрүшөт. Легендарлуу ырчыбыз Рыспай Абдыкадыров дагы 15 жылдан кийин сыйлык алган. А бул бат эле алып жатпайбы«,-деп алган сыйлыгын да сындап, бир кезде концерттеги билетин да зордоп, кыйнап алдырганын да күйүп-бышып айтышууда… Аны төмөндөгү ВИДЕОдон уксаӊыздар болот:

Мугалимдер тууралуу Самара Каримованын айтканы:

Окуу жайдын мурунку жетекчиси Каримов эмне дейт?

Бул маселе боюнча вице-премьер-министр да үн катты…

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул маселе боюнча «АКИpress» агенттигине пикирин бүгүн, 19-январда билдириптир. Анда ал эмгек жамааты жетекчисине каршы болсо, анда Каримова моралдык укугун сезиши керек жана мыйзамдуулук жагын да караш керектигин айткан.

«Самара Каримова жаш, баары алдыда. Мен ага этикалык жана моралдык жактан баарын таразалап, жакшылап ойлонууну сунуштаар элем. Бул жерде эмгек жамаатынын айткандарын да эске алыш керек. Себеби, алар жетекчини тандоо укугуна ээ«,-деген Э. Сурабалдиева.

Эске сала кетсек, Самара Каримова аталган окуу жайга 2018-жылдын октябрында директор болуп дайындалганын билдирген. Бирок эки күндөн кийин бул буйрукту андагы министр Азамат Жаманкулов жокко чыгарып, себебин да түшүндүргөн. Анын айтымында, анын статс-катчысы (Б.Секимов тууралуу сөз болууда — авт.) Каримованы кызматка коюп койгон. Эки жылдан кийин ушундай ызы-чуу болууда…

Ага чейин Самара Каримова 2017-жылы Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине башкы директор болуп дайындалганда да сынга катуу кабылган. Анда коомчулук сын-пикирин кабыл алып, өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан эле…

Самара Каримованын жолдошу тууралуу куруп берген маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “Каримованын сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергени тууралуу Маданият министрлиги сотко кайрылды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.