Эртең Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» китебинин бетачары өткөрүлөт

Эртең Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» китебинин бетачары өткөрүлөт
Эртең, 21-январда, Бишкекте коомдук ишмер, окумуштуу, публицист Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» аттуу китебинин бетачары өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда, билдирди.
Алардын айтымында, эртеңки иш-чараны Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) уюштуруп, өткөрүүдө. Иш-чара Бишкектеги А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Ч. Айтматов атындагы конференц-залында, саат 11:00до башталат. Ага Айтматовдун үй-бүлөсү, илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

«Атам жөнүндө» китеп былтыр «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата эки тилде (кыргыз, орус), 500 нуска менен (Кыргызпатент тарабынан) жарык көргөн.

Автор тууралуу учкай кеп…

Кыргыз тунгуч интеллигенциясынын каймактарынын бири, кыргыз элим,жерим деп чагылгандай бир жарк эткен кыска өмүрдү жашап, репрессия капшабында бейкүнөө атылып кеткен Төрөкул Айтматов жубайы Нагима Айтматова экөө 5 балалуу болушкан. Чыңгыз, Ильгиз деген уулдарынан кийин эгиз уул-кыздуу болушуп, Революция дегенди сөздөн уулуна Рево, кызына Люция деген атты ыйгарышкан. Бирок Рево наристе кезинде чарчап калып, Люция кийин 70ке келип калганда жүрөк оорусунан көз жумган. Роза Айтматова айтылуу үй-бүлөнүн кичүүсү. Быйыл, 8-мартта 84 жашка чыгат. Жогорку билимдүү, физика-математика илимдеринин кандидаты. Мыкты балдар хирургу, 46 жыл бирге өмүр сүргөн маркум жубайы Эсенбек Алымкулов экөө бир уул, бир кыздуу, небере-чөбөрөлүү болушкан. Роза Айтматова буга чейин атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры жана ошол кездеги азаптуу балалыгы тууралуу «Тарыхтын ак тактары» деген публицистикалык эмгек жараткан. Ал жарык көргөндө, «1929-1931-жылдары Төрөкул Айтматов өнөр жай жана соода министри, Совнаркомдун төрагасы болуп иштеген. Ошол кезде керектүү адистер, техника жок, өнөр жай иштебей турганда атам баардык жүктү өз күчү менен тартып кеткен, ат көтөргүс иш кылган. Архивдик материалдардан, документтерден, адабияттардан карап, ошону иликтеп, жазып бүттүм», — деген эле… Ошол даректүү баяндар бет ачары болуп жаткан китепте эӊ сонун баяндалып айтылат…

«Атам жөнүндө»китебинен үзүндү...

«…Менин балалык мезгилим согуш жылдарына туш келип калды. Айылдагы курдаш кыздарымдын да аталары жок эле, алар аскерге кетишкен. Бирок алардын аталарынан кат келип турду (аны алар “атамдан кат келди” деп мактанып айтышар эле), анан алар согуш бүткөндө үйлөрүнө кайтып келе башташты. Ошондо курдаштарымдын аталары менен кездешкендери, алардын сагыныч менен кыздарын кучактаганы… Мен болсо, анда кичинекей кыз элем. Атам да бошонуп келип, мени бооруна кыса кучактаса деп абдан эңсечүмүн. Бирок, тагдырдын буйругу башкача болду. Мен атамды көрбөй калдым.

Атам камалганда мен беш айлык эле ымыркай кыз экенмин. Мына, азыр болсо сексен төрттүн тузун татып жатам. Бирок ошондогу кичинекей кыздын “атамды бир көрсөм” деген эңсөөсү дагы эле жүрөгүмдө арман болуп сакталып калган…»

Төрөкул Айтматовдун кенже кызы Роза Айтматова төрөлгөндө көрбөй калган, бирок жүрөгүндө сактап келаткан атасынын элесин, анын кырчындай 35 жылдык өмүр жолун окуган адам ыйлагыдай ушундай элестүү, таасирдүү саптар менен баяндап берген…

Бет ачарга келип катышып, китепти сатып алсаӊыз, китеп текчеӊизге коюп, окуп койсоӊуз, дилди байыткан, дилди тазарткан руханий азык топтогон болосуз, кадырлуу окурман…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.