ИИМ: «Ок атуучу курал, 7,62 калибрлүү 5 даана окту сатууга аракеттенген адам кармалды»

ИИМ: «Ок атуучу курал, 7,62 калибрлүү 5 даана окту сатууга аракеттенген адам кармалды»

ИИМ кызматкерлери курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда, билдирди.

Алардын айтымында, 18-январда Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган М.Н. ок атуучу сайлуу куралды, 7,62 калибрлүү 5 даана окту сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган.

Аталган факт Жазык кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.

Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.