Мамытов Матраимовго дароо сөз жеткиргенби? Журналист алардын «жоругу» тууралуу билдирди…

Мамытов Матраимовго дароо сөз жеткиргенби? Журналист алардын «жоругу» тууралуу билдирди…

«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу анын депутат агасы Искендер Матраимовдон телефон аркылуу эскертүү алганы тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазып калтырды:

«Кечинде бир чети кооптондурган, бир чети ойго салган телефон чалуу болду — Матраимов темасын козгобо, ал тууралуу сөз кылба деген (#Саясий_Коктейль). Өзгөчө ойго салганы «бул күндөр да өтөт» деген фраза болду.
Баарынан кызыгы, учурда өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовду ошол күнү телеберүүгө чакырып, алардын өтүнүчү менен телеберүүдө козголуучу айрым суроолорду алдын ала жөнөткөн элек. Андан көп өтпөй сөз башында айтылган «таң калыштуу» телефон чалуу орун алды.
«Таң калыштуу» дегеним, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго берилүүчү суроолордун катарында Матраимовго байланыштуу бир нече суроолор, алардын катарында Талант Мамытов Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жүргөн адвокатты Сот кылып дайындаганы тууралуу да суроо бар болчу. Талант Мамытов менен Матраимовдордун байланышы бар деген жоромолду иликтөөчү журналисттер Ali Toktakunov менен Bolot Temirov айтып чыгып, коомчулук талкууга алып жаткан маалда… бул жөн гана дал келүүбү? Же Матраимовдордун таасири дале күчүндөбү? Дооронбек Садырбаев айтмакчы, «мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргызым» кайра эле чыдаш керекпи?.. Анда Үмүт эмнеге өлдү? Анда бир нече адам эмнеге колунан, бутунан, көзүнөн ажырады? Анда аянт толо эл 5-октябрда эмнеге чыкты?», — деп жазган кесиптешибиз.
Искендер Матраимов журналистке эмне деп эскертүү берген?

Шатманова «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ага телефон чалган адам Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов экенин айткан. Депутат журналистке: «Кечке эле Матраимов деген темага жабышып эле калдыңар. Кыргызстанда башка маселе, башка тема калбай калганбы?»,- деген.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык чуулуу иштери тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккан. УКМК ага 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган. Бирок, ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.

Ал эми Талант Мамытов 2020-жылдагы октябрь окуяларындагы бийлик алмашкан соӊ алгач спикер, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп, азыр кош кызматты аткарып келет. Ал жыл башында, 6-январда судьяларды дайындоо жарлыгына кол койгон. Судьялар арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов фондунун кызыкчылыктарын коргоп келаткан адвокат Лейла Байдаева да болгон. Бул тууралуу учурунда журналисттер суроо көтөргөндө, Талант Мамытовдун басма сөз кызматы «судьяны бекитпей коюуга эч кандай негиз жок болчу» деп билдирген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.