Милиция 230 миң сомго кийим-кече, белек алып Беловодскидеги балдар үйүнө берип келди

Милиция 230 миң сомго кийим-кече, белек алып Беловодскидеги балдар үйүнө берип келди

ИИМдин Борбордук аппаратынын өздүк курамы Беловодск айылындагы психоневрологиялык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда, билдирди.

Алардын айтымында, салтка айланып калган жолугушуу уланууда. Милиция кызматкерлери балдар үйүнө кечээ, 19-январда, барышкан. Аларды мугалимдер, балдар кубануу менен тосуп алышкан. Тартип сакчылары чогулткан кийим-кечелерди, кир жуучу каражаттарды, тиричилик жана кеңсе буюмдарын, жеке медициналык коргонуу (жалпы суммасы 230 миң сомдон ашкан) каражаттарды тапшыргандан кийин, балдар менен алардын жетишкен ийгиликтери, келечектеги пландары тууралуу аӊгемелешип маек курушкан. Балдардын баарлашуусуна ыраазы болгон милиция кызматкерлери ал жерде өзгөчө балдар тарбияланып жатышканын билдирип, жылуу каалоо сөздөрүн айтып кайтышкан.
Мындай жагымдуу иштер Ички иштер министрлигинде биринчи жолу эмес, көңүл буруу, камкордукка муктаж балдардын окутуу, тамактануу, тарбиялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, кем-карчын дайыма толуктап келишет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.