Таластын губернатору Айбек Бузурманкулов эксперттик комиссия менен эмнелерди талкуулады?

Таластын губернатору Айбек Бузурманкулов эксперттик комиссия менен эмнелерди талкуулады?
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында эксперттик комиссиянын биринчи отуруму кечээ, 19-январда, болуп өтүп, ага Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) Айбек Бузурманкулов катышты. Бул тууралуу Талас өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, буга чейин Айбек Бузурманкулов 37 айыл өкмөтүнө бизнес идеяларды сунуштоо боюнча тапшырма берген. Ага ылайык, ар бир айыл өкмөтү өз идеяларын сунуштаган. Жакшы пландарды аныктоо, каржылоо максатында атайын эксперттик комиссия түзүлгөн. Комиссия Талас району боюнча долбоорлорду карап чыгып, анын ичинен 3 долбоорду (кулпунайды кайра иштетүү, көчөттөрдү өстүрүү (парник) жана күнөскана куруу) жактырган.
Долбоордун максаты: мектептердеги башталгыч класстардын шашке тамагына жана бала бакчалардагы тамактанууга керектүү жер-жемиштер менен камсыз кылуу. Талас өнүктүрүү фонду, «Бакубат Талас» фонду жана жеке инвесторлор тарабынан каржылануусу күтүлүүдө.
Айбек Бузурманкулов: «Бизнес долбоорлорду аягына чейин алып кете ала турган адамдарды каржылоого даярбыз. Атаандаштыкка туруктуу ишкана ачылып ишин баштаса, жумушчу орундар да ачылат«, — деди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.